34
Республиканын түштүгүндө 2010-жылдын июнь айында болуп өткөн каргашалуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын корутундусу 10-14-июнь күндөрү Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында кыргыз жана өзбек улутунун өкүлдөрүнүн ортосунда массалык кагылышуу болуп, эки тараптан тең көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылып, ал талап-тоноо, үй-жайларды, имараттарды өрттөө, каракчылык өңдүү каргашалуу окуялар менен коштолду. Кандуу кагылыш учурунда Женевада БУУнун кезектеги Кеңеши болуп, анда Кыргызстанды Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы адамдардын өлүмүнө байланышкан фактыларды ар тараптуу иликтөөнү жүргүзүүгө жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырган резолюция кабыл алынган. Бул резолюциядан кийин башка эл аралык уюмдардан, АКШ мамдепартаментинин өкүлдөрүнөн, Евросоюз жетекчилигинен, кээ бир чет өлкөлүк мамлекеттик ишмерлерден бир топ сунуштар келип түштү. Эң негизгиси – Кыргызстандын коомчулугу түштүктөгү окуялардын себептерин абдан тыкыр жана кылдат иликтеп чыгууну талап кылды. Баары бир гана нерсени – ички жана эл аралык иликтөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгын көздөштү. Улуттук иликтөөнү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы Жарлыгы менен 2010-жылдын июнь айындагы республика түштүгүндө өткөн кандуу кагылыштын себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссия түзүлгөн. Ага коомдук ишмерлер, окумуштуулар, саясатчылар, укук коргоо жана коопсуздук тармагындагы эксперттер, укук коргоочу уюмдардын, ЖМК, Кыргызстанда жашаган улуттук-маданий бирикмелердин өкүлдөрү кирди. Комиссия өз ишин өлкөнүн Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык тергөө жана сот органдарынын ишине кийлигишпестен, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында каралган ыйгарым укуктардын алкагында гана жүргүздү. М А З М У Н У КИРИШҮҮ ИЛИКТӨӨ МЕТОДОЛОГИЯСЫ I. КАГЫЛЫШТЫН ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ ЖАНА САЯСИЙ ТАМЫРЛАРЫ I.1. Кыргызстандын түштүгүнүн өзгөчөлүктөрү I.2. 1990-жылдагы Ош окуясы: эске алынбаган

static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

  • Upload
    others

  • View
    8

  • Download
    0

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

Республиканын түштүгүндө 2010-жылдын июнь  айында болуп өткөн каргашалуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу  боюнча Улуттук комиссиянын корутундусу

10-14-июнь күндөрү Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында кыргыз жана өзбек улутунун өкүлдөрүнүн ортосунда массалык кагылышуу болуп, эки тараптан тең көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылып, ал талап-тоноо, үй-жайларды, имараттарды өрттөө, каракчылык өңдүү каргашалуу окуялар менен коштолду. Кандуу кагылыш учурунда Женевада БУУнун кезектеги Кеңеши болуп, анда Кыргызстанды Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы адамдардын өлүмүнө байланышкан фактыларды ар тараптуу иликтөөнү жүргүзүүгө жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырган резолюция кабыл алынган. Бул резолюциядан кийин башка эл аралык уюмдардан, АКШ мамдепартаментинин өкүлдөрүнөн, Евросоюз жетекчилигинен, кээ бир чет өлкөлүк мамлекеттик ишмерлерден бир топ сунуштар келип түштү. Эң негизгиси – Кыргызстандын коомчулугу түштүктөгү окуялардын себептерин абдан тыкыр жана кылдат иликтеп чыгууну талап кылды. Баары бир гана нерсени – ички жана эл аралык иликтөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгын көздөштү. Улуттук иликтөөнү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы Жарлыгы менен 2010-жылдын июнь айындагы республика түштүгүндө өткөн кандуу кагылыштын себептерин, кесепеттерин ар тараптуу  иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссия түзүлгөн. Ага коомдук ишмерлер, окумуштуулар, саясатчылар, укук коргоо жана коопсуздук тармагындагы эксперттер, укук коргоочу уюмдардын, ЖМК, Кыргызстанда жашаган улуттук-маданий бирикмелердин өкүлдөрү кирди. Комиссия өз ишин өлкөнүн Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык тергөө жана сот органдарынын ишине кийлигишпестен,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында каралган ыйгарым укуктардын алкагында гана жүргүздү.М А З М У Н УКИРИШҮҮ                         ИЛИКТӨӨ МЕТОДОЛОГИЯСЫ                                                                  I. КАГЫЛЫШТЫН ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ ЖАНА САЯСИЙ ТАМЫРЛАРЫ                                I.1. Кыргызстандын түштүгүнүн өзгөчөлүктөрүI.2. 1990-жылдагы Ош окуясы: эске алынбаган сабактар                    I.3. Эгемендик жылдарындагы Кыргызстан түштүгүндөгү улуттук  мамилелер                                II. 2010-ЖЫЛДАГЫ ИЮНЬ ТРАГЕДИЯСЫ: КЕЛИП ЧЫГЫШЫ, СЕБЕПТЕРИ ЖАНА КЕСЕПЕТТЕРИII.1. Апрель жана июнь каргашасына түрткү болгон окуялар: саясий жана этникалык тирешүүлөрII.2. Ош шаарында кандуу кагылыштын башталышы                                                                 II.3. Бакиев кланынын катышы                               II.4. Криминалдык дүйнө жана баңгизат чыйыры                                                 II.5. Үчүнчү күчтөр тууралуу                                                                                      III. БИЙЛИК ОРГАНДАРЫНЫН ИШМЕРДИГИ ЖАНА ӨКМӨТТҮК КҮЧТӨР                              IV. ДЕПУТАТТАРДЫН, ӨЭУ ЖАНА САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН ИШМЕРДИГИ                                  V. КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУКТУН МАМИЛЕСИ  VI. РЕСПУБЛИКАЛЫК ЖАНА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖМК ОКУЯЛАРДЫ ЧАГЫЛДЫРУУСУ               VII. ИЮНЬ ТРАГЕДИЯСЫНЫН КЕСЕПЕТТЕРИ                

Page 2: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

VII.1. Адам өмүрүнүн кыйылышы, дайынсыз жоголушу жана алган жаракаттарыVII.2. Экономикалык чыгашалар                                                 VII.3. Кылмыш иштери                                                                   VII.4. Социалдык-маданий жана нравалык кесепеттер                                   VII.5. Эл аралык кесепеттер                                    VIII. ЖЫЙЫНТЫКТАРIX. СУНУШТАР  ИЛИКТӨӨ МЕТОДОЛОГИЯСЫУлуттук комиссия кагылыштын себептерин жана кесепеттерин терең жана объективдүү иликтөө максатында республика түштүгүнө эки жолу барып, каргашалуу окуялар өткөн жерлерде болуп, конфликттин күбөлөрү – кыргыздардан да, өзбектерден да көптөгөн интервьюларды өткөрдү. Ош жана Бишкек шаарларында коомдук кабыл алуучу жайлар ачылып, анда ошол коогалаңдагы көргөн-билгендерин, уккандарын айткысы келген бардык жарандар кабыл алынды. Борбордук бийлик органдарынын Ош жана Жалал-Абад облустарынын жана шаарларынын, ошондой эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчылары, атайын кызматтардын жана күч түзүмдөрүнүн, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият мекемелеринин жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттары суралып, алардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү отчеттору талдоого алынды. Кагылыш себептерин толук кандуу талдоо жана ачуу үчүн Улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрайымы Р.Отунбаевадан; анын орун басарлары А.Атамбаев, Ө.Текебаев, А.Бекназаров, Т.Сариевдерден, УӨ мүчөлөрү И.Исаков, К.Дүйшөбаев, Э.Каптагаевдерден, Башкы прокурор К.Байболовдон; Жогорку Кеңештин депутаттары К.Ташиев, К.Асанов, Ж.Жолдошева, Ш.Айтматовалардан; саясий партиялардын лидерлери А.Жекшенкулов, М.Ниязов, А.Медетбеков, Р.Бекназаровдордон; ӨЭУ жетекчилери Ч.Жакупова, А.Абдырасулова, Д.Дыйкановалардан; ата мекендик жана чет элдик журналисттерден, эл аралык уюмдардын эксперттеринен интервью алды. Күбөлөрдүн айтып берүүсү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер менен болгон  интервью, гезит, журналдарга жарыяланган макалалар кагылышты терең талдоого көмөк көрсөттү. Өлкө түштүгүндөгү окуяларды объективдүү чагылдыруу үчүн мүмкүн болгон бардык материалдар жана каражаттар (Кыргызстандын ж.б. өлкөлөрдүн Интернет-сайттары, аудио-видео, фотодокументтер) пайдаланылды.Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуяларынын себептерин иликтөө боюнча эл аралык комиссиянын жетекчиси К.Кильюнен жана анын Эксперттик тобунун мүчөлөрү менен, башка кызыкдар эл аралык уюмдар: БУУ УВКБ, Евросоюз, Эл аралык мунапыс ж.б. менен жолугушуу жана пикир алышуу болду.I. КАГЫЛЫШУУНУН ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ ЖАНА САЯСИЙ ТАМЫРЛАРЫI.1.  Кыргызстан түштүгүнүн өзгөчөлүктөрүКыргызстандын түштүгү Борбордук Азиянын, азыркы Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аймактарына кирген Фергана өрөөнүндө жайгашкан. Борбордук Азиянын тарыхында Фергана өрөөнү дайыма маанилүү ролду ойногон. Байыртадан азыркы күнгө чейин өрөөн түрдүү цивилизациялардын чордону – дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, материалдык жана руханий маданияттын борбору болуп келген. Аны менен бирге бул жер бардык учурда түрдүү проблемалардын, каршылык менен кагылыштардын түйүнү да болуп турган. Калктын жыштыгы боюнча (1 кв. км 425 адам) Фергана өрөөнү постсоветтик  мейкиндиктеги алдыңкы орундардын бирин ээлейт (өрөөндө 10 млн.дон ашык адам жашайт). Экономикалык инфраструктуранын өнүкпөгөндүгү, жер жана суу ресурстарынын чектелгендиги, массалык жумушсуздук, диний экстремизм күн санап өсүшү – мунун баары карама-каршылыктардын потенциалдуу булагы болуп келген. Кыргызстандын түштүгү (Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары) Фергана өрөөнүнүн түштүк-батыш бөлүгүн ээлейт. Азыр калктын калың катмары Фергана тоолорун этектей, сугат иштерине жана электр энергиясынын булагы катары пайдаланылган Сырдарыяга куйган Нарын дарыясын жана Карадарыяны жээктей отурукташкан. 

Page 3: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

Кыргыздар тоолуу жана тоо жакалай конгон аймактарда, ал эми өзбектер Өзбекстан Республикасы менен чектешкен түздүктө жашайт. Кыргызстандын түштүгү тарыхый өнүгүүгө шартталган өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ. Өз убагында ал Кыргызстандын бардык аймагы сыяктуу Кокон хандыгына кирген. Фергана ойдуңу 18-19-кылымдарда Кокон хандыгынын жүрөгү болуп эсептелген жана анын негизин теги, тили, дини жана маданияты жакын ондон ашык түрк жана иран тилдүү этностор түзгөн.

Өткөн жүз жылдыктын 20-жылдарындагы улуттук-аймактык чектөөлөр Фергана өрөөнүндөгү саясий абалды түп тамырынан бери өзгөрттү: ал Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга үлүштөнүп, ар биринде ар түрдүү улуттар аралаш жашап калды. Республика түштүгүнүн башка өзгөчөлүгү - Кыргызстан аймагында эки өзбек анклавы – калкынын саны 40 миңден 50 миңге жеткен Сох менен Шахимардан, ошондой эле тажик анклавдары Чорку менен Ворух калган. Ошондой эле Өзбекстанда кыргыз анклавы – Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык башкаруусуна кирген Барак айылы бар.Үч мамлекеттин ортосундагы чек ара азырга чейин делимитация болгон эмес. Көптөгөн талаш жерлердин башы али ачыла элек. Чек ара маселеси чечилбегендиктен үч мамлекеттин жарандары жана чек ара кызматкерлеринин ортосунда ар кандай пикир келишпестиктер, чыр-чатактар болуп келе жатат.Статистикалык маалыматтар Кыргызстандын аймактык өнүгүүсү боюнча экономикалык, саясий, социалдык, маданий чөйрөлөрдөгү  кээ бир шайкешсиздиктерди күбөлөп турат. Атап айтканда, республиканын түндүк аймагы Совет бийлигинин жылдарында түштүк аймакка караганда социалдык-экономикалык жана маданий жактан бир топ алдыга кеткен. Республика борборунун түндүктө болушу бул аймактын, өзгөчө Чүй өрөөнүнүн өнүгүшүнө чоң түрткү болгон. Түштүк тургундарынын көпчүлүгү үчүн борбор калаага баруу же көчүп келүү жолдун алыстыгынан жана транспорттук инфраструктуранын начардыгынан бир нече проблемаларды – турак жай проблемасын, аябагандай чоң транспорттук чыгымдарды ж.б. жараткан. Советтик Союз учурунда республика аймагында 1989-жылдагы эл каттоо боюнча кыргыздар (52,4%), өзбектер (12,9%), орустар (21,5%), башка улуттар (13,2%) жашаган.I.2. 1990-жылдагы Ош окуясы: эске алынбаган сабактарXX кылымдын 80-жылдарынын экинчи жарымында кайра куруу жана ачык-айкындуулук саясаты кыргыздардын дагы, өзбектердин дагы улуттук аң-сезимин ойготту. Бул мезгилде социалдык-экономикалык проблемалар тереңдеп, кыргыз жаштарынын ортосунда турак жай маселеси курч коюлуп турган. Ошондуктан жаштар турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү талабы менен чыгып, 1990-жылы “Ош аймагы” бейформал бирикмесин түзүшкөн. Ага удаа эле өзбектердин дагы “Адолат” аттуу бейформал бирикмеси өз ишмердигин активдештирген. Жалал-Абад облусунун өзбек аксакалдарынын тобу 1990-жылдын март айында СССР Жогорку Советинин Улуттар советине жана Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Биринчи катчысына Кыргызстандын түштүгүндө өзбек автономиясын түзүү өтүнүчү менен кайрылган.  Андагы негизги талаптардын бири - өз алдынча статусу менен Ош автономиясын  түзүү жана өзбек тилине мамлекеттик тилдердин биринин статусун берүү болгон. Андан тышкары, өзбек тургундары өзбек маданий борборун түзүү, Ош педагогикалык институтуна караштуу өзбек факультетин ачуу, кыргыз калкынын кызыкчылыгын гана коргойт делип эл арасында имиш кеп болуп жүргөн партия обкомунун биринчи катчысын кызматтан алуу өңдүү талаптарды да койгон.Өзбектердин арасында нааразычылыктардын бири кыргыз улутундагы адамдардан жетекчи кызматтарга көп дайындалып жатканы дагы болгон.1990-жылдын июнь айында болуп өткөн трагедиялуу окуялар эл менен, өзгөчө жаштар менен иш алпаруунун жетишсиз деңгээлде болушу, жер пайдалануу жана кадр саясатындагы көйгөйлүү маселелердин тезинен чечилбей, кош көңүл мамиленин жыйынтыгында улут

Page 4: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

аралык мамилелерде кооптуу кырдаалды жана чыңалууну пайда кылган. 1990-жылдагы кагылыш республика жетекчилери үчүн унутулгус сабак болуп, анын келип чыгуу себептерин жана кесепеттерин анализдеп: ага принципиалдуу саясий баа берип, алдын ала аракет көрбөгөндөрдү же туура эмес чечимдерди кабыл алгандарды жоопко тартып, мындан кийин да ушундай кандуу кагылыштарды болтурбоо иш-чараларын иштеп чыгуулары керек эле. Ошол кезде эле депутаттык топтун ишинин жыйынтыгы боюнча СССР Жогорку Советинин Улуттар Советинин 1990-жылдын 26-сентябрындагы “Кыргыз ССРинин Ош облусундагы окуялар жөнүндө” кабыл алган токтомунда “Кыргыз ССРинин Ош облусундагы окуя улут жана кадр саясатындагы одоно кемчиликтерден, калк арасында тарбия-таалим иштеринин жүргүзүлбөгөндүгүнөн; курч коюлган экономикалык жана социалдык проблемалардын чечилбегендигинен; социалдык адилеттикти бузган көптөгөн фактылардан келип чыккан. Кыргыз ССРинин жана облустун биринчи жетекчилери  республикадагы улут аралык кагылышуу чыга турган жерге көңүл бурбай, кандуу кагылыштарга алып келе турган улуттук элементтердин активдешүүсүнө байланыштуу жөнүндө кырдаалды баалоого чамасы чак болуп, алдын алуу иштерин жүргүзгөн эмес”. Токтомдун үчүнчү пункту Кыргыз ССРинин Жогорку Советине Ош облусунда болуп өткөн окуяларга принципиалдуу саясий баа берүүнү  сунуштаган (“Советская Киргизия” газетасы, 1990-ж., 30-сентябры).Бирок, убакыт көрсөткөндөй, болуп өткөн окуяларга тиешелүү көңүл бурулбай, өз баасын албай калган. Ошол убактагы республиканын Жогорку Советинин жогорку кызматтарын ээлеген А.Масалиев жана Р.С.Кулматов өз ыктыярлары менен отставкага кетишкен. Ошол эле кандуу кагылыштарда туура эмес чечим кабыл алган башка жетекчилер алдыңкы убакка чейин жогорку кызматтарды ээлеп келген (А.Жумагулов, М.Шеримкулов, Ү.Сыдыков ж.б.). Алардын эч кимиси улут аралык мамилелердеги кырдаалдарды түзөтүү боюнча практикалык чараларды көргөн эмес. I.3. Эгемендик жылдарындагы Кыргызстандын түштүгүндөгү улут аралык мамилелер1991-жылы СССР кулагандан кийин Кыргызстандын эң талылуу аймагы Түштүк болуп калды. Завод, фабрикалар токтоп, он миңдеген адамдар жумуш орундарынан айрылды. Ири өндүрүш объектилери менчиктелип, арзыбаган бааларга сатылып, таланып-тонолду. Колхоз-совхоздордун жоюлушу менен айдоо жерлери жеке менчикке берилип кетти. Республика түштүгүндө жер айдап, эгин сепкенге жер тартыш болгондуктан, дыйканчылык кылууга чакан гана жер тилкелери берилип, көп балалуу үй-бүлөлөр күнүмдүк оокат-ашын араң гана таап жеп  калган. Элдин жашоо деңгээли төмөндөп кеткен. Ички жана тышкы миграция башталып, эл туш тарапка кете баштаган. Этносоциологдордун изилдөөлөрү көрсөткөндөй, суралган респонденттердин ар бир экинчиси түштүктү таштап кетүүгө  камынып жатканын айтышкан.

Адамдар жанын жакшылап багуу максатында Россияга, Казакстанга кете башташкан, ал эми калктын калың катмары түндүктү көздөй агылган. Статистикалык маалыматтарга караганда  бүгүнкү күндө республиканын түштүгүнөн кеткен мигранттар 700 миң адамды түзөт. Ошентип татаал жана жагымсыз социалдык-экономикалык жагдайда республиканын жана түштүк калкынын этникалык түзүлүшү олуттуу өзгөрүп кетти. 2009-жылдагы калк каттоого көз салсак республиканын туруктуу жашаган калкынын саны төмөнкүдөй: кыргыздар – 71%, өзбектер – 14,3%, орустар – 7,8%, башкалар – 6,9%. Түштүк аймак боюнча көрсөткүчтөр: Ош облусунда кыргыздар 68,6 %, өзбектер – 28 %; Ош ш.: кыргыздар – 47,9 %, өзбектер – 44,2 %; Жалал-Абад облусу: кыргыздар – 71,8%, өзбектер – 24,8%.Эгемендик жылдарында, негизинен, улуттук мамилелер жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча аздыр-көптүр иштер аткарылган. “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” саясаты, негизин Кыргыз Республикасында жашаган этникалык азчылыктын улуттук-маданий борборлору түзө турган Кыргызстан Эл Ассамблеясын түзүү Кыргызстанда жашаган улуттардын ортосунда гармониялык мамилелерди түзүүдө оң роль ойногон. Бардык

Page 5: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

этностор коомдук жашоонун бардык чөйрөсүндө бирдей укукка ээ болгон. Ошондой эле эгемендик жылдарында өзбек калкы чоң ийгиликтерге жетишип, өздөрүнүн өкүлдөрүн бийликтин ар кайсы бутактарына катыштырууга мүмкүндүк алышкан.Республикада азыркы учурда окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн 133 жалпы билим берүүчү мектептер иштейт. Эгемендик жылдарында Ош кыргыз-өзбек университети жана  Жалал-Абад шаарында А.Батыров атындагы Эл достугу менчик университети ачылган. Азыр Ош мамлекеттик университетинин алдында Өзбек тили жана адабияты институту иштейт. Өзбек улутундагы студенттер жалпы республикалык жана жергиликтүү жогорку окуу жайларында окуп жатышат. Ош шаарында 90 жылдан бери республикадагы эң эски Бабур атындагы академиялык музыкалык-драмалык театры иштеп келе жатат. Өзбек тилинде облустук жана райондук гезиттер чыгарылып,  менчик телерадиостудиялар иш алып барууда. Өзбек коомчулугунун ондогон өкүлдөрү илимдин кандидаты, доктору деген илимий даражаларга ээ, анын экөө Кыргызстан Илимдер Академиясынын академиги деген жогорку илимий даражаны алышкан. Өзбектер түштүк облустарындагы саламаттык сактоо чөйрөсүндө да дээрлик көп эмгектенет: Ош облусундагы дарыгерлердин саны – 22%, Ош шаарында – 16%, Жалал-Абад облусунда – 22% түзөт.Өзбек интеллигенциясынын мыкты өкүлдөрү Кыргызстандын жогорку мамлекеттик сыйлыктарына, наам¬дарына татыктуу болгон.Өзбек коомчулугунун татыктуу кадрлары республикалык парламенттин депутаты, Өкмөттүн мүчөсү жана ведомстволордун жетекчилери, облустун губернаторлору же анын орун басарлары, райондун акимдери жана жергиликтүү кеңештердин (облустук, райондук жана айылдык) өкүлдөрү болушкан, милициянын генералы наамын алышкан. Ошол эле учурда бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдарында өзбек өкүлдөрүнүн саны алардын реалдуу санына туура келбейт. Сөз парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин, өкмөт, министрлик жана ведомство, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  жетекчилери жана кызматкерлеринин улуттук курамы тууралуу болуп жатат. Мындай көрсөткүч армиянын, коопсуздук жана ички иштер органдарынын, салык жана бажы кызматтарынын, финансылык полициянын өздүк курамында, прокуратура кызматкерлеринин арасында жана судьялар корпусунда өтө эле төмөн. Ошол эле учурда өзбек калкынын экономикалык активдүүлүгү жана иш менен камсыз болуу деңгээли бир кыйла жогору. 2009-жылкы эл каттоонун маалыматтары боюнча кыргыздар боюнча  көрсөткүчтөр (экономикалык активдүүлүк жана жумуштуулук) 64,6% жана 58,3%, ал эми өзбектерде – 62,7% жана 57,1%ды түзөт. Кыргызстандын түштүк облустарында бул көрсөткүчтөр кыргыздарда дагы, өзбектерде дагы мындан да өйдө. Өзбектер айрыкча курулуш, соода, мейманкана жана ресторан бизнеси, транспорт жана байланыш тармактарында, айыл чарбасында көбүрөөк иштегендиги байкалат. Келтирилген фактылар жана сандар Кыргызстандагы өзбек калкынын укуктарын эч кандай чектөө болбогонун апачык күбөлөндүрүп турат, ошентсе да  бийлик органдарында, күч жана укук коргоо түзүмдөрүндө мыкты, жогорку дасыктагы өзбек өкүлдөрүнүн жетишпестиги болгон. Бул эгемендик жылдарында улуттук мамиле жаатында мамлекеттик саясат терең ойлонулбагандыгын жана системалуу  жүргүзүлбөгөнүн айтып турат. Атап айтканда, А.Акаевдин “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” доктринасы жөн эле кооздук үчүн айтылган нерсе болуп, идеяны ишке ашыруунун конкреттүү механизмдери жана институттары болгон эмес. Андан тышкары, анын Администрациясында 1990-жылдардын башында түзүлгөн улут аралык мамилелер бөлүмү кийин жоюлуп кеткен. Улуттук саясат менен иштей турган башка мамлекеттик органды ал түзгөн эмес. Анын ордуна А.Акаев улуттук азчылыктын лидерлерин жана алардын маданий борборлорун шайлоо жана референдум учурларында өзүнүн саясий максатына пайдаланылып келген. Ал аларды өзүнүн атаандаштары менен болгон саясий күрөштөрдө пайдаланган учурлар болгон. Мисалы, 2005-

Page 6: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

жылы парламенттик шайлоо учурунда Жалал-Абаддагы өзбек коомчулугунун лидери К.Батыровду К.Бакиевге каршы коюп, кыргыз-өзбек улуттук мамилелеринде тирешүүнү жараткан. Союздун урашы улуттук аң-сезимдин көтөрүлүшүнө эле эмес, радикалдык мүнөздөгү диний уюмдардын да өсүүсүнө алып келген. Борбордук Азия проблемалары боюнча архивдик материалдар, илимий изилдөөлөр, 1990-жылдагы кандуу кагылыш боюнча фактылар жана аналитикалык документтер акыркы кездерде Түркестан ислам кыймылы (ТИК) жараткан идеяны Фергана өрөөнүндөгү ашынган исламдык жана улутчулдук  багыттагы өзбектер, Фергана өрөөнүн бириктирип, бирдиктүү ислам мамлекетин – Халифатты түзүүгө аракеттенип жатышканын көрсөтүп турат. Ушундай эле максатты “Хизб-ут-Тахрир” диний партиясы  амалкөй ыкмалар менен ишке ашырууну көздөп келүүдө.Баткен облусундагы 1999-2000-жылдардагы согуштук аракеттер, андан кийин ислам согушчандарынын Кадамжайда, Жалал-Абадда жана Өзгөндөгү  жана акыркы Ош жана Бишкек шаарындагы террордук актылар муну дагы бир жолу далилдеди. II. 2010-ЖЫЛДАГЫ ИЮНЬ КАРГАШАСЫ: КЕЛИП ЧЫГЫШЫ, СЕБЕПТЕРИ ЖАНА КЕСЕПЕТТЕРИII.1  Апрель жана май каргашасына түрткү болгон окуялар: саясий жана этникалык тирешүүлөр2005-жылдын 24-мартындагы элдик толкундоолордон кийин орнотулган К.Бакиевдин бийлиги эл жана мамлекет кызыкчылыгы үчүн кеңири саясий жана социалдык-экономикалык  иш-чараларды жүргүзө алган жок. Элдин нааразычылыгын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, үй-бүлөлүк-кландык режимди орнотуп, өзүнөн мурунку президенттин саясий багытын репрессиялык-авторитардык мүнөздө күчөтүү менен улантты. Мамлекеттик объектилерди мыйзамсыз менчиктештирүү, стратегиялык мүнөздөгү эл байлыктарын арзыбаган акчага сатуу, электр энергиясына, коммуналдык кызматтарга болгон тарифтердин негизсиз көтөрүлүшү, сөз эркиндигин тынбай кысымга алуу, саясий оппоненттерди, укук коргоочуларды, журналисттерди куугунтуктоо жана коркутуу, жалдама өлтүртүүлөр жана өзүнө жакпаган саясатчыларды жоготуу, оппозициялык ЖМКларды  жабуу, конституциялык эмес мамлекеттик структураларды (КР Президентинин секретариатын, ЦАРИИни, Өнүгүү фондун ж.б.) түзүү, бийликтин бардык структурасынын криминалдашып кетиши – ушунун баары 2010-жылдагы 7-апрелдеги революциялык окуяга алып келди. Бул окуялардан кийин республикадагы, атап айтканда, түштүктөгү кырдаал бийликтин алсыздыгы, укук коргоо органдарынын толук  тукулжуроого учурашы, уюшулган кылмыш топторунун, экстремисттик, улуттук жана сепаратисттик күчтөрдүн, ошондой эле саясий лидерликке умтулган адамдардын  баш көтөрүшү менен коштолду. Татаал коомдук-саясий кырдаалдын жалпы фонунда улутчулдук мүнөздөгү өзбек коомчулугунун лидерлери өлкөдөгү баш аламан абалдан пайдаланып, өздөрүнүн алдын ала коюлган мүдөөлөрүн ишке ашырууга оңтойлуу учур келгенин өз ара кеңешип, талылуу деп эсептелген улуттук маселелерди атайын козутуп, жалпы элдин көңүлүн бурууга аракет кыла башташкан. Бул аракеттер К.Бакиевдин жана анын тарапкерлеринин каалоосуна - өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырып, кырдаалды курчутуу максатына туура келген. Июнь окуяларынын фактылары боюнча кылмыш иликтөө жөнүндө жаңы маалыматтар, кээ бир адамдардын камалышы түштүктө болуп өткөн окуялар – алдын ала пландалган, Кыргызстандын кыйрашына жана элинин биримдигине доо кетирүүгө болгон ири масштабдагы кутумчулук экенин ырастап турат. Бул кыянаттыкты көздөгөн баскынчылык бүтүндөй Борбордук Азияны каптап, аны көптөгөн жылдарга туруксуздаштырмак. Улуттар аралык кагылыштын отун тутантуу аракети алгач түндүктө болгонун белгилеп коюу керек: Токмок шаарына жакын жерде “Гавайи” ресторан комплекси өрттөлүп, Чүй облусунун Маевка айылында адам өлүмүнө алып келген улут аралык кагылыш  болуп өткөн. Анда экстремисттердин улуттук картаны ойноосу алар күткөн жыйынтыкты берген эмес, бирок

Page 7: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

карасанатай кас ойлорун кийинчерээк Ош ш., Ош жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырышты.2010-жылдын 7-апрелинен 19-апрелине чейин мурунку президент К.Бакиев жана анын айланасы өзүнүн тарапкерлеринен турган мыйзамсыз куралчан күчтөрдү түзгөн. Түштүккө качкан экс-президент кандай болсо дагы бийликти өзүнө кайтарарын, ал үчүн ал өлкөнү түндүк-түштүккө бөлүп, элди канга боёого  даяр экенин ачык эле айтып жатты. Тилекке жараша, ал бул максатына жете албагандан кийин өлкөнү таштап кетүүгө мажбур болгон. Бирок анын тарапкерлери жана туугандары ал качып кеткенден кийин активдүү иш аракеттерге өтө башташты. Мисалы, 19-апрелде бир тууган Бакиевдер П.Рахмонов жана анын тарапкерлери менен сүйлөшүп, 500 адам чогултуп Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясын басып алышып, губернатор шайлап коюуга жетишкен. Андан кийин бул адамдар курал-жарак менен ок-дарылар сакталган облус ИИБин басып алууга аракет кылышкан. 2010-жылдын 13-14-майында Бакиевдин тарапкерлери тараптан Жалал-Абад облустук администрациясынын имараты кайрадан басылып алынып, К.Бакиевдин учурунда ошол кызматта иштеген К.Масировду өз алдыларынча кайрадан губернатор кылып шайлап коюшкан. Басып алган имаратты сактап калуу максатында 2010-жылдын 14-майында алар массалык баш аламандыкты уюштурушкан. Бакиевчилердин жана Жалал-Абад өзбек коомчулугунун лидери К.Батыровдун жактоочуларынын жана “Ата-Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн колдоосу менен губернатор Б.Асановдун тарапкерлеринин ортосунда кагылышууда 2 адам өлүп, 65 адам жаракат алган, ошондой эле ири суммадагы мүлктөр талкаланган. Ошол эле күнү К.Батыров ок атуучу курал, таяк, темирлерди  көтөргөн 500гө жакын адамы менен К.Бакиевдин туугандарына тиешелүү үйлөрдү өрттөп, күбөлөрдүн айтуусу боюнча Кыргызстандын желегин да өрттөшкөн, бул кыргыз калкынын кыжырын кайнатып, каршы аракеттерди кылуусуна алып келген. 2010-жылдын 12-15-майларында А.Батыров атындагы университеттин аянтында өзбек жамаатынын митингдери өткөрүлүп турган. Аларды мүчөлөрүнүн көпчүлүгү этникалык өзбектерден турган “Родина” партиясынын лидери Кадыржан Батыров  уюштурган. К.Батыровдун жана кээ бир өзбек улутундагы адамдардын саясий талап коюп сүйлөгөн сөздөрү 2010-жылдын 15-майында “Ош-ТВ” жана “Мезон-ТВ” телеканалдары аркылуу бир нече ирет кайталанып көрсөтүлүп турду, бул кыргыздардын коомдук нааразычылыгын туудурган. Өзбектердин мындай аракеттерине нааразы болгон кыргыздар, облустун ар кайсы аймагынан агылып келип, 2000ге жакын адам Жалал-Абаддын четине чогулуп К.Батыровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы менен митинг өткөрүшкөн. Андан кийин митингдин катышуучулары К.Батыров өз тарапкерлери менен турган  А.Батыров атындагы Эл достугу университети тарапка жүрүш жасашкан. Массалык баш аламандыктардын жана кагылышуулардын натыйжасында  2 адам өлүп, 70ке жакын адам октон жарадар болушкан. Ошентип отуруп саясий тирештерден жаралган учкун улут аралык кагылышуу өртүнө айланып кеткен. К.Батыров 2005-жылы республика парламентинин депутаты болуу менен таасирлүү фигуралардын бирине айланган. Ал Жогорку Кеңеште жалаң өзбектерден турган депутаттык фракция түзүп, өзбек тилинин статусу жөнүндө маселени көтөрүп, өзбек электоратын козутуп турган. Кийинчерээк ал фракция “Ватан” саясий партиясына айланган. 2008-жылы К.Батыров өзбек улуттук-маданий борборунун вице-президенти кызматына жол-жобону бузуп шайланган. Добуш берүү учурунда кворум болгон эмес, анткени Кара-Суу районунун өзбек диаспорасынын өкүлдөрү жана Ош облусунун жана Ош шаарынын жергиликтүү бийлик ээлери чогулуштан кетип калышкан. Бул тууралуу даттануу өз убагында Кыргызстан элдер ассамблеясы тарабынан каралган эмес. 2010-жылдын 7-апрелинен кийин түзүлгөн баш аламан абалдан пайдалануу менен К.Батыров улуттук ураанга жамынып, өзбек жамаатынын кызыкчылыгын коргоочу баатыр болуп чыга келген. Ушундай максаты менен ал республика түштүгүнүн өзбек калкы жыш жашаган

Page 8: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

бардык райондорун кыдырып, ал жактагы өкүлдөрдү өзүнүн университетинин жанына чакырып, үгүт митингин өткөрүп турган. Өзүнүн сөздөрүндө К.Батыров өзбек элин кыргыздарга каршы тукуруп, кайраштырган. Ал “бул учурду өзбектер 20 жыл бою күтүшкөн” деп 1990-жылды эске салган  чагымчылык сөздөрдү айткан. Ага идеялаштары, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары И.Абдрасулов, Ж.Салахитдинов жана Ош шаарынын аялдар коомчулугунун президенти К.Абдуллаева активдүү жардам беришкен. II.2. Ош шаарында кандуу кагылыштын башталышы 7-апрелден кийинки республикадагы коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу Ош шаарында жана анын тегерек четинде улут аралык мамилелер дароо курчуп кеткен. Ош шаарында өткөн июнь коогалаңынын алдында өзбек диаспорасынын көптөгөн чогулуштары болгон, анын демилгечилери жогоруда көрсөтүлгөн улуттук-маданий борборлордун жогорудагы лидерлери болгон (К.Батыров, И.Абдрасулов, Ж.Салахитдинов, К.Абдуллаева). Атап айтканда, 2010-жылдын апрель айынын аягынан 10-июнга чейин укук коргоо органдарынын маалыматтары боюнча Ошто жана анын айланасында 25тен ашык чогулуш болуп, аларга 100дөн 500-600гө чейин адам катышып, жогоруда белгилегендей, улут аралык мамилелерди талкуулап турган. И.Абдрасуловдун айтуусу боюнча ошону менен бирге эле өзбек калкы жашаган квартал жана кичирайондордогу коопсуздукту камсыздоо үчүн штабдар жана атайын кошуундар түзүлө баштаган. Кыргыз менен өзбек жаштарынын ортосунда атайын карама-каршылыктар жана мушташуулар болуп турган. Ош шаарындагы кандуу кагылыштын башталышы 2010-жылдын 10-июнунда “Алай” мейманканасынын жанында “24 саат” оюн жайында болжол менен саат 23төн 20 мүнөт өткөндө кыргыз, өзбек жаштарынын ортосунда болгон кезектеги жаңжалынан чыккан. Ал жерге өзбек улутундагы караламан адамдар (маалыматтарга караганда 500дөн 2 миңге чейин) топтоло баштаган. Күбөлөрдүн айтуусунда кагылышуу катышуучуларынын арасында кара жип машинасын минген чоочун адамдар да болуп, ок атышкан. Алар ээ-жаа бербей “Алай” мейманканасын өрттөп, ОшМУ жатаканасынын имаратына, жакын турган көп кабат үйлөрдүн, соода түйүндөрүнүн терезелерине, ары-бери өткөн машиналарга таш ыргытып, андагы кыргыз улутундагы жүргүнчүлөрдү ур-тепкиге алышкан.

Ушул эле убакта шаардын ар кайсы тарабында өзбек улутундагы адамдар чогула башташкан. 11-июнга караган түнү саат 00.30да салюттар атылып, 4 мечиттин мунараларынан үн кошмо менен азан айтылган. Бул чакырыктардан кийин шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө жана жакын жерлердеги айыл-кыштактарда массалык баш аламандыктар башталып кеткен. Болжол менен 23.00дө Ош шаарынын ооруканасына башы-көзү жарылган кыргыз улутундагы адам келип түшкөн. Анын айтуусу боюнча ал кызын Москвага окууга жөнөтүү үчүн аэропортко узатып бараткан. Кара-Суу районунун Нурдар (Сталин) айылында өзбек улутундагы жаш жигиттерден таяк жеген.  02.30тар чамасында Ош облустук ооруканасына  Ноокат районунун тургундары, кыргыз улутундагы эки адам жаракат менен келип түшкөн. Алар 23.30дар чамасында сабалып, жапа чегишкен. Алар да Москвага студент балдарын узатканы баратып Нурдар айылынан таяк жешкен.Жол ушул Нурдар айылы аркылуу өткөндүктөн Бишкектен жабырлануучуларга жардам бергени  аэропортко учуп келген алгачкы топтогу 27 дарыгер шаарга өтө алган эмес, ушундай эле абалга бардык авиажүргүнчүлөр туш болушкан. Улуттук комиссия трагедиялуу окуялар болгон жерлерге барып, андагы иликтенген материалдардын, аудио жана видеожазуулардын, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн, жеке жолугушуулардын жана аңгемелешүүлөрдүн негизинде июнь окуялары алдын ала даярдалган деп ишенимдүү айта алат. Бул өзбек улутундагы жарандар көп жашаган квартал жана кичирайондордо эл аралык стандарттагы кырсыкты билдирген “SOS”, “Uzbek zone”, “Kyrgyz zone” деген жазуулар атайын боек менен даана жана бир өңчөй жазылганынан да айгинеленет. Бул факты боюнча өзбек улутундагы жарандар, 1989-жылы туулган У.А.Ахмаджанов, 1987-жылы туулган И.Я.Хусаинов кармалышкан. Алар жана башка суралган күбөлөр бул жазуулар

Page 9: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

К.Батыров, И.Абдрасулов айткан Өзбекстандан келе турган жардамдар же куралчан экстремисттер кайсы аймакта кыргыздар, ал эми кайсынысында өзбектер жашаганын ажыратып билүүсү  үчүн жасалганын айтышкан. Буга дагы бир далил катары экстремисттер согушка бир нече “КамАЗ” автомашинасын темир-тезек менен сооттоп, ок ата турган тешикчелерди калтырып жабдыганын айтсак болот.

Кийинки факты дагы олуттуу. 2010-жылдын 15-апрелинде жана 8-июнунда “www.Fergana.ru” сайтында “Ош кыргыны (1990) – Кыргыз ССР аймагындагы кыргыз жана өзбектердин ортосундагы улут аралык кагылышуу” деген макала пайда болгон. Аны өзбек жаштарынын улуттук сезимин кызытуу үчүн бир нече ирет көрсөтүшкөн. Ага карата реакция дароо болуп, жаштар жооп жазып, чогулуп, 1990-жылдагы Ош окуясын талкуулай башташкан. Ошондой эле өзбектердин арасында кыргыздарга каршы жек көрүү сезиминин чыңалышына кыргыз криминалдык авторитеттеринин рэкетчилиги жана рейдерчилиги чоң роль ойногон, буга 2010-жылдын 29-апрелиндеги Ош темир жол станциясында болуп өткөн окуя  жана кээ бир кыргыз тилдүү ЖМКларда өзбек калкына карата саясий жактан калпыс пикирлер айтылганы мисал болот. Алар: М.Итибаевдин 4-мартта “Асман kg” гезитиндеги макаласы жана 18-апрелдеги КТР каналында Д.Сарыгуловдун катышуусундагы телеберүү. Булар тууралуу Ош шаар мэриясы атайын Убактылуу өкмөткө кайрылган. 2010-жылдын 11-июнунан кийин Ошто улут аралык  жаңжал  башталгандыгы жөнүндө кабар ар кандай каналдар, көпчүлүгү мобилдик телефондор менен тоолуу аймактардагы кыргыз калкына жетип, жаштар Ош шаарын көздөй жулуна жөнөй башташкан. Каны кызыган калктын бөлүгү Коргоо министрлигинин, Чек ара кызматынын аскер бөлүгүндөгү жана Ички иштер органдарындагы куралдарды басып кирип, талап-тоноп кетишкен. Мындай окуялар Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Чаткал, Ала-Бука, Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда, Ош жана Жалал-Абад шаарларында болгон. Кандуу кагылыштан кийин басылып алынган куралдар жана ок-дарылар, ошондой эле 4 аскер техникасы кайтарылып берилген. Кайтарылып берилбеген куралдар да бар.Расмий булактардан туура маалыматтын берилбегенинен ушак-айыңдар өзгөчө ролду ойногон, мисалы, 2010-жылдын 11-июнунда өзбек жаштары Ош университетинин жатаканасындагы  кыргыз кыздарын зордуктаган деген кеп тараган, бирок бул кийин иш жүзүндө  тастыкталган жок. Ошентип, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында бир нече күнгө созулуп, кан төгүүлөр менен коштолгон масштабдуу кагылыш болду. Бул окуя илгертеден бирге жашап келген кыргыздарга да, өзбектерге да айтып бүткүс азап, арылбас кайгы-муңду алып келди.II.3. Бакиев кланынын катышыТактан кулап, талаага куулган президенттин уулу М.Бакиев менен иниси Ж.Бакиевдин 2010-жылдын май айында телефон менен сүйлөшүүсүнөн кийин террористтик акциялардын боло турганы жөнүндө кабар калк арасына желдей тараган. Ал сүйлөшүүдө Өкмөт үйүн жана мамлекеттик мекемелерди басып алууга даяр 500дөй адамды табуу зарылдыгы айтылган. Бирок алар бул оюн Бишкекте ашыра алышкан жок. Ошентсе да бул кара ниетти криминалдар менен исламдык жана террордук уюмдардын уюгу болгон түштүктө ишке ашырууга жеңил экенин боолголошуп, ошол жакта аракеттерди жүргүзгөн.Деструктивдүү күчтөрдүн алдына төмөнкүдөй милдеттер коюлган:- мамлекеттин саясий, социалдык, экономикалык жана коомдук абалын туруксуздаштыруу;- улут аралык кагылыштарга от жагуу;- коомчулукту чочутуу.Алар Ош жана Жалал-Абад облустарында деструктивдүү иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыңгайлуу учур болуп турганын эске алып, аны бүтүн республика аймагына жайылтууну көздөшкөн. Алардын ою боюнча Кыргызстандын түштүгүндө КР Убактылуу өкмөтүнүн иш-аракеттерине нааразы болгон жана улутчулдук максатты көздөгөн топтор көбөйө баштаган.

Page 10: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

УКМК маалыматы боюнча бул максаттарга жетүү үчүн 2010-жылдын апрель айында Максим Бакиевдин демилгеси менен Дубайда Өзбекстан ислам кыймылынын эмиссары менен анын жолугушуусу өткөн. 2010-жылдын май айынын башында Бадахшан аймагында (Афганистан) Бахорак ш. “Талибан”, ӨИК, БТО (Бириккен тажик оппозициясы) эмиссарлары жана талаа командирлеринин Мулло Абдулло жана Бакиев үй-бүлөсүнүн эки өкүлүнүн катышуусу менен өткөн кеңешмеде Кыргызстандагы кырдаалды курчутуп, абалды туруксуздаштырууда ӨИК күчтөрүнө көмөк көрсөтүү жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Республиканын түштүгүнө баскынчыларды таштоо июнь окуяларынын алдында Афганистандын Бадахшанынан тажик Хорог жана Мургабы аркылуу жүргүзүлгөн. Алматы шаарында чыгуучу “Созвездие Азии” (2010-ж, июль, №7) журналынын маалыматы боюнча  Ислам баскынчыларынын дагы бир башка жолу  Исфара (Тажикстан) – Баткен – Ош болгон. Баскынчылардын Тажикстандан Кыргызстанга өтүп кетишине тажик оппозициясынын мурунку талаа командири, Ж.Бакиевдин таанышы, Тажикстандын жараны, ГБАО тургуну, ири баңги төбөлү жардам берген. Ж.Бакиевдин Тажикстанда жүргөнү тууралуу ЖМКга генерал, Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Ф.Кулов жана россиялык журналист А.Дубнов билдиришкен. Ошондой эле Бакиев кланынын мүчөлөрү июндагы кандуу кагылышууга түздөн-түз катышып (С.Бакиев, З.Нуриев), алардын үй-жайын өрттөгөнү үчүн өзбектерден өч алабыз дегенди бетине кармашкан.II.4. Криминалдар жана баңгизат чыйырыК.Бакиевдин башкаруу жылдарында криминалдарды парламенттик жана президенттик шайлоолордо оппозицияга жана ар кандай нааразылык митингдерине, жүрүштөргө каршы колдонуп келген. Атап айтканда, түштүктөгү криминалдык топтор ноябрь (2006-ж.) жана апрель (2007-ж.) митингдерин кубалоо үчүн тартылган. Оштогу жана Жалал-Абаддагы кандуу кагылыш учурунда криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү да тышта калган эмес. Алардын арасында апрель окуяларынан кийин улут аралык мүнөздөгү таасир талашуу да болуп келген.2010-жылдын 10-июнунан 11-июнуна караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү “Алай” мейманканасынын жана ОшМУ жатаканасында болгон окуяда криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү дагы жүрүшкөн. Ошол эле түнү Ош шаарындагы “Кристалл” кафесинин жанында өзбек жаштары түштүктөгү кыргыз криминалдык авторитетинин бирин атын ачык айтып чакырып, баш аламандык уюштурушкан. Бул башка кыргыз криминалдык топтордун канын кызытып, Ош жана Жалал-Абадда түндүктүк криминалдык топтордун келишине жол ачкан. Акыркы жылдары Кыргызстанда баңгизат алып өтүү гүлдөп өнүккөн жана К.Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү кирген түштүктүн күчтүү кландары андан пайда таап, баңгизат коридорун көзөмөлдөөгө укук алышкан. Жыл сайын Кыргызстандын аймагы аркылуу Афганистанда өндүрүлгөн баңгизаттын чейрек бөлүгүнөн көбүрөөгү өтөт. Алардын көпчүлүк бөлүгү Ош шаары аркылуу өтөт. Кыргыздын атайын кызматтары жана укук коргоо органдары анын болбогон эле бөлүгүн кармап кала алат.К.Бакиевдин режими кулагандан кийин иштеп жаткан коррупциялык байланыштар бузулган. Ошондуктан баңгизат сатуучулар өзүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн май (13-14-май) жана июнь (10-13-июнь) окуяларын уюштурган адамдардын арасында активдүү катышкан. Белгилүү болгондой, Айбек Мирсидиков (“Черный Айбек”) К.Бакиевдин тарапкери болуу менен көптөгөн криминалдык иштерге катышкан жана К.Батыровдун душманы болгон. Ал июнь окуяларынын алдында криминалдык териштирүүлөрдө өлтүрүлгөн (7-июнь).Дагы бир башка факты. 1964-жылы туулган, өзбек улутундагы  Х.Н.Мамаханов Ош шаарындагы июнь окуяларынын учурунда өзбек ыктыярдуу кошуундарын материалдык жактан камсыздап, курал-жарак берип турган. Ага тиешелүү аймактагы устаканада жүк машинелерин согуштук транспортторго ылайыктоо иштери жүргүзүлгөн. Укук коргоо органдары анын көмөкчү чарбасын караганда баңгизаттардын ири партиясы жана курал-

Page 11: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

жарактар менен ок-дарылар табылып, алынган. II.5. Үчүнчү күчтөр жөнүндөАпрель окуяларынан кийин өлкөдөгү татаалданып кеткен кырдаалды  көптөгөн саясий оюнчулар пайдаланган, алардын ичинде тышкы күчтөр, радикалдык исламдык топтор, ошондой эле КР Убактылуу өкмөткө жана алар тарабынан 2010-жылдын 27-июнуна белгиленген референдумга каршы  өзүнчө саясий партиялар да болгон. Анткени Өкмөт мүчөлөрү К.Бакиев качып кеткенден кийин конституциялык реформа менен алпурушуп, президенттик башкаруудан парламенттик республикага өтүү идеясын көтөрүп чыгышкан, бул, албетте, Россия жана Борбордук Азиянын жетекчилерине жаккан эмес. Түштүктөгү массалык баш аламандыкта УКМК жетекчилери К.Дүйшөбаев, К.Байболов, Жалал-Абад облусунун губернатору Б.Асанов, кээ бир ЖМКлар бул окуяларга тажик снайперлери, америкалык жана россиялык атайын кызматтар өңдүү үчүнчү күчтөрдүн дагы тиешеси бардыгы жөнүндө айтып келишкен. Бирок Улуттук комиссия тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөдө бул маалыматтар документ түрүндө далилденген жок. Республиканын атайын кызматтары жана укук коргоо органдары тарабынан кармалган адамдардын арасында Россия Федерациясынын жана Өзбекстандын жарандары болгон жана алар Кыргызстан аймагында уруксат документтери жок, мыйзамсыз жүрүшүп, баш аламандыкка катышкандары да бар. Улуттук комиссия жалпысынан, Өзбекстандын Президенти И.Каримов дагы бир нече ирет айткан үчүнчү (тышкы) күчтөр жөнүндө маселе кошумча иликтенүүгө тийиш деп эсептейт. Бул үчүн Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Россия Федерациясынын атайын жана укук коргоо кызматтарынын тыгыз байланышта иш алып барышы зарыл. III. БИЙЛИК ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА ӨКМӨТТҮК КҮЧТӨРДҮН ИШМЕРДИГИ2010-жылдын 11-июнь түнү Убактылуу өкмөт чукул жыйын өткөрүп Ош шаарына, Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондоруна өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндө Декрет кабыл алган. Өзгөчө кырдаал 2010-жылдын 11-июнунун 02.00дөн баштап киргизилип, 20.00дөн 06.00гө чейин коменданттык саат белгиленген. Облустун коменданты болуп КР Ички иштер министринин биринчи орун басары Б.М.Алымбеков дайындалган. 11-июнь күнү эртең менен эрте Мамлекеттик 1-каналдын түз эфиринен Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн Төрайымы республика калкына тынчтыкты сактоого чакырып кайрылуу жасады. Ал Ош окуяларына өлкөнү туруксуздукка алып келүүгө жана алдыдагы өлкөнүн жаңы Конституциясын өзгөртүү боюнча  референдумду үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар күчтөр катышып жатканын  жашырган жок.  13-майда Убактылуу өкмөттүн Түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган  Коргоо министри И.Исаков, Убактылуу өкмөттүн Төрагасынын орун басарлары Ө.Текебаев жана А.Бекназаров Түштүккө учуп кетишкен. 2010-жылдын 12-июнунда Убактылуу өкмөт “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусуна өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндө” Декретке кол коюп, кечки 18.00дөн эртең мененки 06.00гө чейин коменданттык саат белгиленген. Жалал-Абад облусунун коменданты болуп Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары К.К.Байболов дайындалды. Ошол эле күнү Р.Отунбаева өзүнүн Жарлыгы менен Коопсуздук кеңешин түздү. Кийинки күндөрү Убактылуу өкмөт “Кыргыз Республикасында аз-аздап мобилизациялоону жарыялоо жөнүндө”, “Ок атуучу куралдардан ок атууга уруксат берүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу буйруктарды аткарбагандыгы үчүн  жоопкерчилиги же коменданттын өзгөчө абал киргизилген аймакты талап кылуусу тууралуу” өңдүү кечиктирилгис чараларды көрө турган бир нече Декрет кабыл алынган. Жергиликтүү бийликтер мүмкүнчүлүгүнө жараша өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барганга аракет кылышты.2010-жылдын 10-июнунан 11-июнуна караган түнү Ош облустук мамлекеттик администрациясы жана Ош шаардык мэриясы жергиликтүү жана чет элдик студенттердин коопсуздугун коргоо боюнча чараларды көргөн. Андан тышкары, кагылыш аймагында калган

Page 12: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

жарандарды улутуна карабай чыгарып жатышты. Бул иште аларга Ош шаардык жана Ош облустук ИИБ кызматкерлери активдүү жардам беришкен. Кээ бир студенттер үйүнө жөнөтүлүп, калгандары балдарын алып кеткени келген ата-энелерине берилген. Алар балдарын улут аралык жаңжалдын андан ары күчөп кетпеши жана бөөдө адам өлүмүнүн көбөйүп кетпеши үчүн шаарга кыргыз жарандарын КМ жоокерлери  киргизбей кайтарып турган  бөгөтжайдын сыртында күтүп турушкан. Бирок бөгөтжайлар кийинки күнү кыргыз тарап 10-июндан 11-июнга караган түнүндө болгон мыкаачылык түрүндөгү адам өлтүрүүлөрдү укканча гана кызмат кылган. Кан төгүүлөр жана ушундай ага байланышкан башка окуялар кыргыз калкынын катуу жооп беришине алып келген.Убактылуу өкмөттүн чечими менен 2010-жылдын түнүндө Ошко аскер бөлүктөрү киргизилген. Бирок аскерлер кырдаалга олуттуу таасирин тийгизе алган эмес. Эртең мененден баштап кыргыз менен өзбектердин ортосундагы массалык кагылышуулар улана берген. Облуска өлкөнүн башка аймагындагы кошумча аскер бөлүмчөлөрү тартылган. Андан тышкары, ИИМ Академиясынан, ички аскерлерден, түндүк облустардагы ИИБ кызматкерлеринен турган бириккен отряддар 4 самолёт менен Ошко жөнөтүлгөн. Бишкектен Ошко 300 адамдан турган атайын даярдыктагы аскер адамдарынын (спецназ) бириккен тобу жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кайрылуусунан кийин ички иштер органынын, улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын көптөгөн ардагерлери жана Афганистандагы согуштун катышуучулары өзгөчө абал киргизилген аймактарга барып, баш аламандыкты басууга жардам берээрин билдирген ыктыярдуу адамдардын отряды чыкты.  Күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринен, элдик кошуундардан, жаштардан турган ыктыярдуу адамдардын алгачкы отряды түзүлүп, Түштүккө жөнөтүлгөн.  Каргашалуу окуяларга байланыштуу бардык фактыларды толук жана ар тараптуу иликтөө үчүн 2 ведомство аралык тергөө-оперативдик бригадалар түзүлүп, алардын курамына Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын, ИИМ, УКМК, ФПМКнын дасыккан кызматкерлери кирген жана алар козголгон кылмыш иштеринин чегинде тергөө жана оперативдик-изилдөө иштерин жүргүзөт. Улуттук комиссия тактагандай, К.Бакиевдин башкаруу жылдарында реформа терисин жамынып Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бөлүктөрүн, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарын бириктирүү аркылуу олуттуу кыскартууларга тушуктуруп, натыйжада мыкты кадрлардан кол жууп калганбыз.Кыргыз Республикасынын КМ Мото аткычтар (тоодогу) 1-өзүнчө бөлүгү, 1400-1500 адамдан турган ИИМ Ички аскерлеринин бригадасы, коомдук тартипти сактоо жана түштүктөгү кылмыштуулук менен күрөшүү милдеттерин аркалаган 500 адамдан турган кайгуул-күзөт кызматы жоюлган. Ички аскерлердин өздүк курамынын саны жана алардын Ош, Жалал-Абад гарнизондорунда жайгашкан  түзүмдүк бөлүкчөлөрү  минимумга чейин кыскартылган. 2010-жылдын 10-июнунан 17-июнуна чейинки мезгилде коомдук коопсуздукту жана Ош шаарындагы массалык баш аламандыктарды токтотуу үчүн КР ИИМ ИА 703 а/б 30 гана аскер кызматчысы катышкан. Материалдык-техникалык деңгээл азыркы учурдун талаптарына такыр туура келген эмес. Ички иштер органдарында коргонуучу жана атайын каражаттар болгон эмес. Ошондой эле проблемалар Коргоо министрлигинде да болгон, колдо бар техникалардын 90 пайызы эскирип, алмаштырууга туура келип калган. Бир нече жылдардан бери өлкө жетекчилиги КР УКМК Чек ара аскерлеринин штаттык бирдигин көбөйтүү боюнча маселелерди чечкен эмес. Түштүктөгү кырдаал бул маселени колго алууну талап кылып жатканына карабастан, бул маселеге көз жумушкан. Коңшу мамлекеттерге караганда (Өзбекстан,  Казакстан, Тажикстан) биздеги көрсөткүчтөр алда канча аз экенин кошумчалай кетели. Ошол эле учурда Президенттин жана анын үй- бүлөсүнүн жеке коопсуздугун камсыздаган,

Page 13: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

Ж..Бакиев башкарган  Мамлекеттик күзөт кызматы ар тараптан чыңдалып турган: кызматкерлеринин саны жана алардын айлык акысы көп эле жогорулаган, кызматкерлерине турак үйлөрү берилген жана бул жакка жаңы техникалар жана куралдар келип турган. К.Бакиевдин мамлекеттик коопсуздукка кош көңүл жана жоопкерчиликсиз мамиле кылганы өзгөчө 2009-жылы, ал конституциялык орган болгон Коопсуздук кеңеши жана Баңгизаттарды контролдоо агенттиктерин өз алдынча жоюп салганда ачык байкалган. Убактылуу өкмөт курчуган кырдаалды түзөтүү боюнча бир катар чечимдерди кабыл алган. Атап айтсак, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлык акысын биртоп көтөрүп, ИИМ Ички аскерлеринин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын штаттык санын көбөйткөн, ошондой эле ИИМдин материалдык-техникалык базасын чыңдап, Куралдуу Күчтөрдүн мобилизациялык резервине чакыруу менен кызматты алып салган (12 миң сом кошуп төлөө менен). Күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилерин алмаштырган.Жүргүзүлгөн иш-чараларга карабай, бул кайгылуу күндөрү башталган этнос аралык чатактарды токтотуу үчүн мамлекеттик башкаруунун иштиктүү системасы болбогондугу айкын болду. Бул айрыкча биргелешип иш алып барууга тийиш болсо да өз алдынча аракеттенүүлөргө өткөн Ош облусунун, Ош шаарынын ички иштер кызматы менен бийлик органдарына тиешелүү. Ошондой эле аларда шаар жана облус коменданттары, Убактылуу өкмөттүн атайын өкүлдөрү менен өз ара пикир келишпөөчүлүктөр жана карама-каршылыктар пайда болгон. Убактылуу өкмөттүн жетекчилери менен атайын кызматтын көрөгөчтүгү күч болгондо 11-июнь күнү Ош облусу менен биргеликте Жалал-Абад облусуна да өзгөчө  кырдаал киргизилсе, аталган облустагы этностор аралык кагылышуулар бөгөттөлмөк.Түштүк регионунун облустук жана шаар бийлигинин жетекчилери менен Убактылуу өкмөт жетекчилери курчуп келе жаткан кырдаалдын кооптондурган тенденциялары туурасындагы маалыматтардан кулакдар да болушкан жана ошондой эле бул боюнча кечиктирилгис чаралардын иштелип чыгышына жетиштүү убакытка да эгедер болушкан. 2010-жылдын апрелинин акырынан 10-июнга чейинки мөөнөттө УКМКнын аймактык органдары тарабынан, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Кызматынын Ош шаардык  жана Ош облустук башкармачылыгы тарабынан оперативдүү кырдаалды мүнөздөгөн 12 маалымат губернатордун дарегине,  4 маалымат шаар мэрине, 34 маалымат Улуттук коопсуздук Кызматынын борбордук аппаратына жөнөтүлгөн. Бул маалыматтардын негизинде КРдин УКМКнын жетекчилиги тарабынан Убактылуу өкмөттүн дарегине 9 билдирме жиберилген. Буга карабастан Убактылуу өкмөт, губернатор, мэр жана облустук деңгээлдеги башка жетекчилер тарабынан аймакты жана калкты өзгөчө кырдаалга эки тарап тең тартууга негизделген тийиштүү даярдык иштери жүргүзүлбөгөн. Аларга 2008-2009-жылдардагы Орозо айт майрамын белгилөө учурундагы экстремисттик уюмдардын жаалдуу жоруктары жана 2009-жылкы Ноокат окуялары сабак боло алган эмес.   Убактылуу өкмөттүн кадрдык дайындоолорунун баардыгы эле терең ойлонулган эмес. Маселен, Ички иштер министрлигинин системасынан мурун эле  алыстап калган Б. Шерниязовду министрликке дайындоо, милиция кызматкерлеринин гана эмес, коомчулуктун да терс пикирлерин жаратты. Буга карабастан жана саламаттыгына байланыштуу 23-майда эле кызматтан кетүүгө өз арызын берген бул киши аталган орунда 2010-жылдын 7-июлуна чейин кала берген. Ошондой эле Ош облусунун Ички иштер башкармалыгына А. Капаровду, курч кырдаалдарда ар кандай иштин көзүн жакшы билген К. Асановдун ордуна Б. Нышановду Ош шаарынын  Ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине дайындоо да жаңылыштык болгон. Кийинчерээк июнь окуяларынын тушунда аларды тез арада алмаштырууга туура келип, К. Асановду Ош шаарына алып келүүгө аргасыз болушкан. Мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө Убактылуу өкмөттүн жетекчилери менен мүчөлөрүнүн, Ош жана Жалал-Абад облустарынын, Ош шаарынын  жетекчилеринин өз ара мамилелеринде биримдик болгон эмес. Маселен, Убактылуу өкмөттүн күч бирикмесин А. Бекназаров

Page 14: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

жетектеген. Буга удаалаш эле 23-апрелде экономика боюнча тармактардын куратору болуп турган биринчи вице-премьер А. Атамбаевдин жетекчилигинде коопсуздук жана укуктук тартипти камсыздоо комиссиясы түзүлгөн. А. Атамбаевдин айтуусу боюнча өлкөнүн түндүгүндө бейпилдикти камсыздоого аракеттенген комиссия толук кандуу укуктары болбогон соң узакка иштей алган эмес. 13-майда болсо Түштүк аймактарына Убактылуу өкмөттүн өзгөчө жана кеңири укуктуу атайын өкүлү катары коргоо министри И. Исаков дайындалган. Антсе да, Ош шаарынын мэри    М. Мырзакматов менен мамилени жөнгө салуу И. Исаковдун да, Убактылуу  өкмөттүн да колунан келбегендиги Кыргызстанда гана эмес, анын чегинен сырт жерлерде да коомчулуктун таңдануусун жаратты. 12-июндун кечинде Республиканын Улуттук Коопсуздук Кызматынын такталбаган маалыматтарынын негизинде Өзбекстандын чек арасы тарабынан айтылуу М. Худайбердиевдин куралдуу согушчандарынын отряды жергиликтүү өзбек калкына жардамга келе жаткандыгы туурасындагы имиш тараганда армиянын, атайын кызматтардын, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин алсыздыгы айкын байкалып, алдастап калышкан. Эл Ош шаарынын жана Ош облустук ички иштер органдарынын гана көзөмөлүндө калып, ызы-чуу башталып, дүрбөлөңгө түшүп калышкан. Күбөлөрдүн жана генерал М. Ниязовдун айтымына караганда, бул күндөрү айрым чек ара кызматындагылар кароол орундарын өз эркинче таштап кетишкен. Чек ара кызматынын жетекчилери калк тарабынан куралдарды тартып алуу үчүн  кооптуу  аракеттердин жаралышы аталган фактылардын пайда болушун шарттаган деп түшүндүрүшкөн.К. Батыровдун Убактылуу өкмөттүн айрым бир жетекчилери жана мүчөлөрү менен болгон өз ара мамилеси туурасындагы маселе да ар кандай пикирлерди жараткан. Аталган кырдаалга тактоолорду киргизүү үчүн Улуттук комиссиянын мүчөлөрү И. Исаков, Ө. Текебаев, А. Бекназаров, А. Атамбаев жана Убактылуу өкмөттүн жетекчиси,  Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И. Отунбаева менен жолугушушкан. Аталгандардын бардыгы К. Батыров менен болгон телефон байланыштары же жеке жолугуу фактылары саясий жана улуттар аралык маселелердин кеңири форматтагы жана жеке тартиптеги маектери тибине сыйдырылгандыгын тастыкташты. Алардын айтымдарында, К. Батыровду мамлекеттик кызматка көтөрүү боюнча эч кандай убада болгон эмес. Жалпысынан алганда, Улуттук комиссия Убактылуу өкмөт жана анын күч түзүмдөрү, Ош шаарынын жана түштүк облустарынын жергиликтүү бийлик органдары этнос аралык мамилелердин курчуп келе жаткан тенденцияларынан кабардар экенине карабай, масштабдуу трагедиянын алдын ала албагандыгын, бирок аны бир нече күн ичинде жетишээрлик ыкчам токтотуп кала алгандыгын тастыктайт. 2010-жылдын 16-июнунда Убактылуу өкмөт Кыргызстандын элине жана дүйнөлүк коомчулукка жасаган кайрылуусунда өзүнүн күнөөсүн жана жоопкерчилигин мойнуна ачык, абийирдүү түрдө алды.Болуп өткөн каргашалуу окуялар боюнча өзгөчө жоопкерчилик улуттук коопсуздук, ички иштер жана прокуратура кызматтарына тиешелүү. Өлкө мыйзамдарына ылайык, алар жаралып жаткан кооптуу кырдаалдар туурасында бийликке маалымдап, эскертип гана тим болбостон, өз учурунда алдын алып, болтурбай коюш үчүн тийиштүү, ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүүлөрү керек эле. Улуттук комиссиянын пикири боюнча, 1990-жылы республиканын бүтүндөй түштүк аймагына, атүгүл борбор калаа Фрунзеге да киргизилген өзгөчө абалды эске алуу менен,  Убактылуу өкмөт тарабынан  Жалал-Абад облусуна май айында киргизилген өзгөчө кырдаал алынып салынбастан, Ош облусунун бардык аймактарында кулачын жайышы зарыл эле. Бул июнь трагедиясына алып келген окуялардын тамырланышына бөгөт болмок. IV. ДЕПУТАТТАРДЫН,  БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРДЫН, САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮКТӨРҮУлуттар арасында тутанган оттун тезинен өчүрү¬лүшүнө, ал окуялардын келип чыгуу жана курчуу себептеринин объективдүү иликтенишине, кесепеттери туурасындагы маалымдоолордун кеңири жайылышына,  болуп өткөн окуялардын бардык кооптуулугун аңдап түшүнгөн калктын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын кошкон салымы зор.

Page 15: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

Ошентсе да ансайын тереңдеп, курчуп бараткан кырдаалды калыптандырууга кедергисин тийгизип, бир жактуу маалыматтарды тараткан айрым бир бейөкмөт уюмдар болбой койгон жок.Түштүктөгү кырдаалды турукташтырууда алгылыктуу ролду улуттук коомчулуктардын кадырлуу аксакалдары, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин мурунку жана кийинки депутаттары, бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын айрым бир жетекчилери да ойношту.  Тынчтыкты орнотуу аракеттерин көрүүдө Ош, Жалал-Абаддын шаардык кеңешинин депутаттары        А. Шакиров, Э. Мурзабеков, Э. Арапбаевдер каза табышты. Ошону менен биргеликте айрым бир саясий партиялардын мүчөлөрүнүн элдик кошуундарды жана бирикмелерди түзүү максатында куралдарды мыйзамсыз тартып алуучулардын катарынан байкалганын белгилеп кетүү абзел. Мындай демилгечилердин катарына Жогорку Кеңешке «Ата-журт» партиясынан шайланган Т. Мамытов  Майлы-Суу шаарында (аскердик бөлүктөгү куралдарды күч менен тартып алуунун күбөсү шаардын мэри Тургунаалы Арипов да болгон), «БЭК» партиясынын жаш лидери, Жалал-Абадда жана Сузак районунда элдик кошуундун жаштар канатынын координатору болгон Р. Бекназаров Ноокенде кошулган. V. КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУКТУН МАМИЛЕСИКөз карандысыз өлкөлөрдүн шериктештигине кирген бардык мамлекеттер Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга карата тынчсызданууларын жана кооптонууларын билдирүү менен материалдык, гуманитардык жардамдарын көрсөтүүгө даяр экендиктерин жарыялашты.Коогалуу окуялардын алгачкы күндөрүнөн тарта өзгөчө акылмандыгын жана сабырдуулугун көрсөткөн Өзбекстан Республикасынын президенти И. Каримов Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпөөгө чакыруу менен өз өлкөсүнөн качкындарга башпаанек алууга жол ачып берди. Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын 21-сентябрдагы пленардык жыйналышында  «кыргыздардын өздөрү жана өлкөнүн түштүгүндө жашаган көптөгөн өзбек диаспорасы үчүнчү күчтөрдүн терең ойлонуштурулуп, жакшы уюштурулган акцияларынын барымтасында калгандыгына толук негиздер бар» экендигин айтып чыкты. Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Р. Отунбаеванын Россия жетекчилигине 2010-жылдын 12-июнунда Түштүктө тутанган улут аралык карама-каршылыктарды жөнгө салууга жардам сурап кайрылганына карабай, Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн жетекчилери конфликттин башталышында эле Ташкентте жана ЖККУда (ОДКБ) өткөрүлгөн отурумдарда окуяны Кыргызстандын ички иши катары карап, кийлигишпөөнү ылайык көрүштү.ОБСЕ жана ага төрагалык кылган Казакстан, Евросоюз жана БУУнун жетекчилиги өлкөбүзгө  тынчтыкты орнотуу жана гуманитардык багыттагы алгылыктуу жардамдарын көрсөтүштү. Бул өңүттө өзүнүн иш-аракеттерин Россия менен координациялаган АКШ да четте калган жок. VI. РЕСПУБЛИКАЛЫК ЖАНА ЧЕТ ЭЛДИК ЖМК БУЛАКТАРЫНДАГЫ ОКУЯНЫН ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ   Улуттук комиссиянын иликтөөлөрү боюнча Түштүктөгү окуялардын чагылдырылышы боюнча жергиликтүү жана чет элдик маалымат булактары башкалардан озуп чуулгандуу маалымат жарыялоонун жарышына түшкөндөй, чындыктан алыс билдирүүлөрдү беришип, түзүлгөн кырдаалды ар дайым эле обьективдүү чагылдырбаганы анык болду. Алгач чет элдик массалык маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүндө дембе-дем жаңырып турган  «геноцид» сөзү (тукум курут саясаты), Улуттук комиссиянын пикирине ылайык «улуттар аралык жаңжал» деген чындыкка коошкон сөзгө акырындык менен алмашылган.  Ушул жерден баса белгилеп кетчү дагы бир жагдай, Убактылуу өкмөт жана анын маалымат-координациялык борбору менен Тышкы иштер министрлиги окуянын башталышында эле Кыргызстанга маалымат согушун жарыялаган чет элдик ММКларга өз учурунда тийиштүү чара көрө алган эмес.  Сөз жүрүп жаткан окуялардын башталарына чукулдай  чет элдик уюмдар тарабынан каржыланган Ош ресурстук борбору 8-10-июнь аралыгында жергиликтүү жана чет элдик журналисттердин арасында улуттар аралык конфликттерди чагылдыруу

Page 16: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

боюнча тренинг  уюштуруп, алысты болжогон атайын иш жасаганын белгилеп коюу керек.  VII. ИЮНЬ КООГАСЫНЫН КЕСЕПЕТТЕРИVII. 1. Адам өмүрлөрүнүн кыйылышы, дайынсыз жоголушу жана жаракаттар2010-жылдын 10-декабрына карата Ош шаары, Ош, Жалал-Абад облустары боюнча адам сөөктөрүнүн 426сы табылып, алардын 381и таанылган: 276сы өзбек, 105и кыргыз, 2 адам башка улут өкүлдөрүнөн, 45 сөөк тааныла элек. Күч структуралары да жоготууларга учураган: ИИМдин 10 кызматкери көз жумуп, 172си  жаракат алган болсо (офицерлердин 127си, сержанттык курамдан 43, ИИМдин 2 пенсионери), УККнын 1 офицери көз жумуп, 2 согуш кызматкери жарадар болгон. Денесинен жаракат алган 1930 жарандын 925ине ок жаңылган. Укук коргоо кызматына баш аламандыктардын тушунда дайынсыз жоголгондорду издөө туурасындагы 120 арыз түшкөн. 2010-жылдын 10-декабрындагы маалыматтарга карата изделгендердин 85и табылып, 35 адамды издөө иши улантылууда. VII.2. Экономикалык жоготууларИюнь айындагы окуялардын убагында 3671 даана мүлк тонолуп жана талкаланып, алардын 257 даанасы мамлекетке таандык болсо, 3414 даанасы жеке адамдарга тиешелүү болгон. 1861 турак жай же үй талкаланган. Материалдык чыгымдарды жараткан кылмыштардын кесепети 3757 661 429 сомдун зыянын тарттырса, анын ичинен 11419654 сом же бардык чыгымдын 0,3 %ы гана кайтарылган.Баш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан, Ош жана Жалал-Абад облустарынан 75 миң качкын Өзбекстанга өтсө, он миңдеген кыргыздар республиканын түндүгү жана тоолуу аймактарына жер которууга аргасыз болушту. Башка өлкөлөргө, өзгөчө Россияга 38213 адам чыгып кеткен жана алардын басымдуу бөлүгү өзбек улутундагылар болуп саналат. Окуянын кесепетинен Түштүктө 84289 иш орундары бош калган. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү министрлигинин маалыматтары боюнча түштүктөгү окуялардын кесепетинен 2010-жылдагы ИДПнын реалдуу өсүшү пайызы 8,9га азайган. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүн чарпыган масштабдуу талкалоолор Ош шаарында ИДПнын 54,3%га түшүшүн шарттаган. ИДПнын 70%дык төмөндөөсү Жалал-Абад облусунда да күтүлүүдө.VII. 3. Кылмыш иштери2010-жылдын 10-декабрына карата ыкчам-иликтөө топтору тарабынан 5162 кылмыш иши козголгон.  Кармалган 306 адамдын 271ине  камакка алуу чарасы көрүлүп,  алардын 39у – кыргыз, 230у – өзбек, 2 адам башка улуттан болсо, дагы 35 адамга эркиндиги чектелбеген чаралар көрүлгөн. Массалык баш аламандыктардын тушунда аскердик бөлүктөрдөн жана милиция органдарынан 356 ок атуучу, муздак түрдөгү 86 жана 63780 курал жарак менен 4 согуштук машина  мыйзамсыз ээленген. Иликтөө иштеринин негизинде 250 ок атуучу, муздак түрдөгү 52 жана 18294  курал жарак кайтарылып алынган. Бардык согуштук машиналар аскердик бөлүктөргө өткөзүлгөн. Ошондой эле 51 кг 11гр салмактагы баңги зат дагы кармалган.447 жабырлануучу жана 311 күнөөкөрдүн каралып жаткан кылмыш иштеринин 170и соттун кароосуна берилип, 204 адамга байланышкан 88 иш сотко ашырылган.VII.4. Социалдык-маданий жана нравалык кесепеттер Окуу жылынын башталышы менен Ош шаарынын мектептеринде 350 мугалимдик орунга өксүк келип чыккан. Ушул эле көрүнүштү ооруканалардан байкоого болот.  Саламаттык сактоо жана билим берүү тармагындагы мындай таңсыктык медицина кызматкерлери менен мугалимдердин капсалаңдуу  окуялардан кийин башка шаарларга кетүүсү же өлкөдөн таптакыр чыгып кетиши менен шартталган. Бул медициналык кызмат көрсөтүү  менен жалпы билим берүү мекемелерине терс таасирин көрсөтпөй коё  алган жок. Ал эми июнь кагылышууларынан эң олуттуу жабыркоонун запкысын - кылым кыйырларында коюн-колтук алыша жашап келген эки элдин ортосундагы достук жана

Page 17: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

боордоштук сезимдери тартты. Натыйжада эки улуттун бири-бирине жек көрүү сезимдери пайда болду, эми аны жоготуу үчүн убакыт жана адамдардын бири-бирине болгон ишеними жана мамлекеттик масштабдагы иш-аракеттер талап кылынары шексиз. VII. 5.  Эл аралык кесепеттерТүштүктөгү улуттар аралык кагылышуулардын кесепетинен Кыргызстандын эл аралык аброюна да доо кеткенин баса белгилеп кетүү кажет. Кырдаалды жөнгө салууда тийиштүү жагдайда ашкере кылдат жана тынымсыз түйшүк талап кылынат. Бул талап айрыкча, өзбек жана башка улуттук өкүлчүлүктөрдүн мүчөлөрү курамына жетиштүү кирбеген, конституциялык нормалардын, мыйзамдуулуктун, адам укуктарынын сакталышы боюнча бир катар жаңылыштыктар кетирилген укук коргоо кызматтарынын, күч түзүмдөрүнүн жана армиянын иш-аракеттерине тиешелүү. Андыктан эл аралык уюмдардын бул багыттагы сын-пикирлеринин калыстыгын моюнга алуу менен тийиштүү сабактарды жана жыйынтыктарды чыгара билсек.    VIII. ЖЫЙЫНТЫКТАР1.  2010-жылдын июнь айында болуп өткөн окуяларга Кыргызстанда  жана чет жактарда берилген ар түрдүү бааларды, мүнөздөмөлөрдү иликтеп, талдап жана карап чыгып, Улуттук комиссия өлкөнүн Түштүгүндө кыргыз, өзбек улуттар ортосунда  өзбек коомчулугунун айрым лидерлери менен Бакиевдин кланы тарабынан уюштурулган, зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн көптөгөн адам өмүрлөрү жана жабыр тарткан масштабдуу өрттөөлөр, талап-талкалоолор  менен коштолгон кандуу чоң жаңжал чыккан деп эсептейт.Жаңжал Жалал-Абад облусунда май айынын орто ченинде башталып, 10-14-июнда массалык түрдө Ошто от алып, 12-13-июнда кайрадан Жалал-Абад областында  өрчүгөн. 2.  Болуп өткөн жаңжалдын тарыхый жана саясий тамырлары советтик доор калтырган оор мурас менен шартталган. Советтик доордо бардык  улуттар аралык мамиледеги карама-каршылыктар менен жаңжалдар күч менен айтылбай же терең катылып келген.3.  1980-жылдардагы айкындуулук жана кайра куруу саясаты бул көйгөй маселени сыртка алып чыкты, аны 1990-жылдардагы Ош менен Өзгөн шаарларында болгон улуттар аралык кагылышуулар айкындап турат. Бирок, ошол мезгилде болуп өткөн окуяларга  туура жана объективдүү баа берилген эмес, учурга ылайык сабак алынган эмес.4.  Эгемендүүлүктүн биринчи жылдарында өлкөнүн Президенти А.Акаев улуттар аралык мамиле чөйрөсүнө жан дили менен берилип иштеген эмес, бар болгону «Кыргызстан - биздин жалпы үйүбүз» деген кооз сөздөрдү айтып, улуттук-маданий этникалык борборлордон турган Кыргызстан элдеринин Ассамблеясын түзүү менен чектелген. Улут саясатынын актуалдуу маселелерин чечүүнүн ордуна, аларды өзүнүн саясий максаттары үчүн колдонгон.Андан кийинки президент К.Бакиев улут саясатына көңүл бөлгөн да эмес, анын көңүл чордонунда негизинен үй-бүлөлүк бизнес жана жеке бийлик башкаруу турган. Дал ушул К.Бакиевдин убагында 1990-ж. кийинки алгачкы улуттар аралык жаңжалдар байкала баштаган (Ысык-Ата районундагы Искра айылы, Москва районундагы Петровка айылы).5.  А.Акаев убагында дагы, К.Бакиев убагында дагы республиканын түштүк аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча даана, ачык стратегия иштелип чыккан эмес, жыйынтыгында түштүк жергеси, негизинен, алыскы жана тоо өрөөндөрү оор саясий жана кыйын экономикалык абалдын туткуну болуп, жергиликтүү калк өлкөнүн түндүк тарабына, чет жакага көчүп кетүүгө дуушар болушкан. 6.  Мындай шартта түштүктөгү өзбек коомчулугунун айрым лидерлери өзбек тилинин статусун көтөрүү, өзбек улутундагы жарандарга  бийлик органдарына шайлануу үчүн ыйгарым үлүш берүү, жергиликтүү улут тарабынан биздин укуктарга доо кетип жатат деген, жада калса, өзбек улуту көптүк кылган аймактарда жергиликтүү бийлик органдарынын жана министрлик менен ведомстволук мекемелерин башкарууга өзбек улутунан дайындалышы керек деген талаптарды коё башташкан. Максаттарын ишке ашыруу үчүн «Ватан» (кийин “Родина”) саясий партиясын, парламентте улут таандыгына карап депутаттык фракциясын түзүшкөн, уюшулган-пропагандалык  мүнөздөгү чаралар көрүлө баштаган.

Page 18: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

7.  Элдик революция негизинде 7-апрель күнү К.Бакиевди тактан кулаткандан кийин бийликтеги кадрдык баш-аламандыктар, ошондой эле, ар түрдүү деңгээлдеги эски бийликтин жактоочулары менен жаңы кыргыз элитасынын ортосундагы  күрөш экстремисттик маанайдагы өзбек коомчулугунун лидерлери тарабынан бийликке келүү жана диаспоранын саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарт катары кабыл алынды. Жалал-Абад менен Ош облустарында Жогорку Кеңештин экс-депутаттары: К.Батыров, И.Абдрасулов, Ж.Салахитдиновдор мындай багытта  300-500дөн 5 миңге чейин өзбек улутундагы адамдардан турган көптөгөн митингдерди өткөрүп, активдүү аракеттерди көрүшкөн.  Жалал-Абад менен Ош шаарындагы мындай кыймыл-аракеттер акырындап   алдын-ала уюшкандыгы жана массалыгы менен Ош облусундагы, ошондой эле, К.Бакиевдин жактоочуларынын, кылмыш дүйнөсүнүн, баңги бизнесинин, диний экстремизм менен сырткы кийлигишүү күчтөрүнүн баскынчылык жана кийлигишүү ниеттери  улуттар аралык кагылы¬шууга алып келген.  Өздөрүнүн кызыкчылыгы менен ой-максаттарын ишке ашыруу үчүн, алардын баардыгына Кыргызстандагы баш аламандык зарыл болгон.8.  Бул жаңжалдын кесепеттери өтө оор болду. Ал 426 адамдын өмүрүн алып кетти, 1930 жарандын ден-соолугуна залал келтирилди, анын ичинен 925и ок атуу¬дан жабыркагандар, жалпысынан 4 млрд.сомго жакын материалдык чыгым тартып, калктын башка жактарга агылышын шарттап, Кыргызстандын эл аралык аброюна доо кетирди. Мындай ал-акыбал терең ойлонууну, ачуу чындыктан сабак алууну, мамлекетибизде туруктуулук болуш үчүн бардык күчтөрдү тең  карап, дүйнөлүк тилектештикте жакшы атыбызды кайтарып келүүнү талап кылат.9.  Болуп өткөн трагедияда Убактылуу өкмөттүн, анын күч блокторун башкарып турган жетекчилер А.Бекназараов, И.Исаков, Б.Шерниязов, К.Дүйшебаевдин, улуттар аралык кагылышуулар болгон түштүктөгү эки облустун, шаарлардын, райондордун акимдери, мэрлери, губернаторлорунун да күнөөлөрү жок эмес. Алар алдын ала маалыматтары бар болгонуна карабастан, окуянын башталышы менен күчөшүн токтотуу үчүн зарыл чараларды колдонушкан эмес. Кызматтагы жоопкерчилик менен өз ара эриш-аркактын, айкындык менен шайкештиктин жоктугу, моралдык тукулжуроого  жана өзүн жоготууга жол берүү борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарына күч жана укук коргоо түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө мүнөздүү көрүнүш болгон.Аскер бөлүмдөрүнүн кескин кыскарышы, өздүк курамдын азайышы, материалдык-техникалык базанын, курал-жарак менен жабдуунун начардыгы, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана күч түзүмдөрүнүн иштеринин жигердүү төмөндөшүнө алып келген абал К.Бакиев убагындагы маанилүү факторлордун бири болгон.Убактылуу өкмөт мындай структуралар менен органдардагы ал-акыбалды оңдоо үчүн тиешелүү чараларды көрө баштаган, бирок өзгөчө кырдаал шартында алар өтө эле жетишсиз болгон.10.  Убактылуу өкмөт, республикабыздын ИИМ, ТИМ жана МУКК, ошондой эле Ош шаары менен Ош, Жалал-Абад облустарынын жетекчилери айрым чет мамлекеттердин ММК тарабынан жарыяланган алгачкы маалыматтык чабуулга алдын ала шайкеш жооп берген чара көрүшкөн эмес.11.  Ноокат окуяларында соттолгондорду кылдат тактап-талдабастан бошотуу Убактылуу өкмөттүн олуттуу кемчилиги болгон, ал диний экстремисттик топтордун позицияларын күчөтүп, бекемдеген. Кыргызстандагы бийликтин алсыздыгын сезген диний жана террористтик уюмдардын мүчөлөрү, реваншка умтулган топтор, өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн мамлекетке  жашыруун кайтып келүүгө  жана иштерин жандандырууга мүмкүнчүлүк алышкан. IX. СУНУШТАР 1. КР Президенти, Өкмөтү, Жогорку Кеңеши - июнь окуяларында күч структураларын жетектеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: А.Бекназаров, И.Исаков, Б.Шерниязов, К.Дүйшебаевдердин, мурунку Башкы прокурор Б.Ибраев, Ош, Жалал-Абад облустарынын губернаторлору, Ош, Жалал-Абад, Майлы-Суу шаарларынын мэрлери, Базар-Коргон, Сузак,

Page 19: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

Кара-Суу, Ала-Бука, Араван райондорунун акимдери өз убагында улуттар аралык кагылышууга жол бергендиги жана өз убагында алдын албагандыгы үчүн алардын саясий жоопкерчилик ченемин карасын.2. КР Президенти, Өкмөтү, Жогорку Кеңеши 2010-жылда болуп өткөн  июнь окуяларына бир жыл болоорун эске алуу менен 2011-жыл «Ынтымак менен сабырдуулуктун жылы» деп жарыялоону карасын.3. КР Президенти, Өкмөтү, Коргоо министрлиги жана башка күч түзүмдөрү, КР Жогорку Сотунун сот Кеңеши, Кадр кызматы жана жергиликтүү өзү-өзү башкаруу агенттиктери, жаштар министрлиги, кадрларды дайындоодо жана резервге тартууда калктын этникалык курамын эске алып, ошону менен катар талапкерлердин ишкер жана ыймандык сапаттарына  артыкчылык берүү зарыл.4. КР Өкмөтү Кыргызстан элдеринин баш кошуп алакалашуусу жана улут мамилелеринин камыр-жумур болуусу үчүн этникалык саясаттын негизинде Концепция менен программаны кабыл алып, аны ишке ашыруу үчүн атайын ыйгарым укуктагы мамлекеттик орган түзсүн.5. КР Өкмөтү түштүк жеринин, республикабыздын алыскы тоолуу аймактарынын  жашоо шартын жакшыртуу максатында социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүгүү үчүн узак убакытка созулган Мамлекеттик программа кабыл алуусу керек.6. КР Президенти 2010-жылы болуп өткөн улуттар аралык кандуу жаңжалды жөнгө салууда жана Фергана өрөөнүндө ири масштабдагы аймактык согуштун алдын алууга кошкон жеке чоң салымы үчүн Өзбекстандын Президенти И.Каримовду сыйлоону карап көрсүн. 7. КР Президенти, Өкмөтү Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттери менен болгон чек араны делимитация, демаркациялоо иштерин жүргүзүү, коңшулаш өлкөлөр арасында суу ресурстарын  колдонуу тартиби жөнүндөгү маселени карап чыксын.8. КР Президенти, Өкмөтү, Жогорку Кеңеши Куралдуу күчтөр жана МУКК органдарынын, МУКК Чек ара кызматынын, ИИМдин, Прокуратуранын өздүк түзүмүн сандык жана сапаттык жактан кыска мөөнөттүн ичинде өзгөртүү, алардын материалдык-техникалык базасын бекемдөө маселелерин карашсын.9.  КР Өкмөтү, Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Коргоо министрлигинин, МУКК Чек ара кызматынын, ИИМдин куралдарын, жабдыктарын, согуш техникаларын тартып алууга жол берген кызматтагы адамдарды жана жарандарды катуу жоопко тартсын. Куралдарды кайрадан тиешелүү органдарга кайтарып алуу үчүн зарыл чараларды көрсүн.10.  КР ИИМи элдин колундагы куралдарды катуу тартипте эсепке алсын. Аларды колдонуу боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүзсүн.11.  Башкы прокуратура укук коргоо органдары тарабынан кээ бир адамдарга июнь окуяларына байланыштуу деген айып тагылып, мыйзамсыз түрдө камакка алуу менен кыйнап, опуза талап кылып жатышат деген маалыматтар улуттук жана эл аралык адам укуктарын коргоочулар уюмдарынын отчетунда камтылганын эске алып, аларды иштиктүү иликтеп чыгуусу зарыл.12. УКМК, ИИМ, Билим берүү жана илим министрлиги, диний иштер боюнча Мамкомиссия «Хизб ут-Тахрир» партиясынын, «Ахмадия», «Салафия» ж.б. ислам радикалдык топтордун ишмердүүлүгү тууралуу түшүндүрмө иштерин жүргүзсүн.13. Каржы, Өзгөчө кырдаалдар, Тышкы иштер, Саламаттыкты сактоо министрликтери башка ведомстволор КР Өкмөтү менен  июнь окуясы учурунда жана андан кийин чет элден алынган кредиттик, гранттык, гуманитардык жактан көрсөтүлгөн жардамдардын толук отчетун берсин.14.  Билим берүү жана илим министрлиги билим жана илим чөйрөсүнүн кадр саясатына жагымдуу шарт түзүү максатында орто жана жогорку окуу жайларынын профессордук, окутуучулук курамы менен студент контингентинин этникалык курамына талдоо жүргүзсүн.15.  Маданият жана маалымат, Юстиция, ТИМ менен Башпрокуратура басма жана электрондук ММКнын жетекчилери менен  улутчулдук, экстремисттик мүнөздөгү материалдарды жарыялоого жол бербөө туурасында тиешелүү түшүндүрмө иштерин жүргүзсүн. Түштүк жериндеги маалымат талаасына өзгөчө көңүл бөлүп, анын материалдык-

Page 20: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

техникалык базасын чыңдап, коммуникациалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү зарыл.16.  Улуттук Илимдер Академиясына, Билим берүү жана илим министрлигине, КР Президентине караштуу стратегиялык талдоо Институтуна, КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясына улуттар аралык мамилелерди изилдөө менен  сунуштарды иштеп чыгуу, этника аралык каршылыктар менен этноконфликтология боюнча мониторинг өткөрүүгө өзгөчө көңүл бөлүү,  Кыргызстандыктын жарандык идентификациясын калыптандыруунун жолдорун издөө керек.17.  Кыргызстандагы элдердин баш кошуп алакалашуусу үчүн мамлекеттик тил боюнча Мамкомиссия  этникалык азчылыктардын өкүлдөрүнө мамлекеттик тилди үйрөнүүгө кызыкчылыктарды  күчөтүү боюнча сунуштарды КР Өкмөтүнө  даярдасын.18.  Жергиликтүү мамадминистрацияларга, өзүн-өзү башкаруу органдарына, КР Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш Мамагентттиги шаарлар менен отурукташкан конуштардын генпланын түзүүдө улуттардын  баш кошуп алакалашуу муктаждыктарын эске алсын.19. КР ЖКнын бешинчи чакырылышы КР төмөндөгү мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөрүүлөрдү киргизсе:-«Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө». Коменданттын кызматы менен ыйгарым укуктарын так жана тарамдар менен белгилөө: аппараттык курамын жана  борбордук, аймактык, жергиликтүү органдар менен  алака мамилесин тактоо.-«Диний уюмдар жөнүндө». Статусун жана мамлекеттик бийлик органдары менен мамилесин айкындоо.-«ММК жөнүндө». Улуттар аралык жана диний аралык жаңжалды пайда кылуучу так эмес маалыматтарды басып чыгаргандыгы, аны жарыялагандыгы үчүн административдик жана кылмыштык жоопкерчиликке тартуу ченемдерин күчөтүү .-«Коммерциялык эмес уюмдар», «Денени чыңдоо жана спорт», «Куралдар жөнүндө». Спорттук жайларда, мергенчилик коомунда, жекече кайтаруу мекемелеринде бекитилген уставдын чегинен чыккан учурларда административдик жана кылмыш жоопкерчилигин көтөрүү.-«КРнын куралдуу күчтөрү жөнүндө». Учурдагы аскер кызматына чакыруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.-«Ош шаарынын статусу жөнүндө». Өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн шартта республика, шаар, облустук жетекчилер менен органдардын өз ара натыйжалуу алака мамилесин аныктоо зарыл. -«Кыргызстан элинин Ассамблеясы жөнүндө» мыйзам кабыл алып, бул уюмга кирген этникалык азчылыктар менен  алардын улуттук-маданий борборлорунун укугу, милдети жана макамын так аныктап көрсөтүү зарыл.Республиканын түштүгүндө 2010-жылдын июнь айында болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын ишинин кыскача ОТЧЕТУУлуттук комиссия Ош жана Жалал-Абад областтарында Ош жана Жалал-Абад шаарларында болгон кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын президенти Р. Отунбаеванын 2010-жылдын 12-июлундагы Жарлыгы менен түзүлгөн. Комиссияга 2010-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө болуп өткөн окуялар боюнча тийиштүү корутундуну Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна берүү жана «Комиссиянын жүргүзгөн иштеринин жыйынтыктарын массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка тааныштыруу” тапшырылган.Октябрь айынын башында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук комиссиянын ишинин мөөнөтүн токтотуу жана узартуу жөнүндө...» № 235 экинчи Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жүргүзүүгө байланыштуу Улуттук комиссиянын иши убактылуу токтотулган жана  2010-жылдын 15-

Page 21: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

октябрынан тартып өзүнүн ишин кайтадан баштоосу, ишинин мөөнөтү иштин татаалдыгы жана масштабдуулугуна, ошондой эле анын иш-аракетин эл аралык комиссия менен синхрондоштуруу зарылчылыгына байланыштуу 10-декабрга чейин узартылгандыгы белгиленген.14-декабрда Улуттук комиссиянын мүчөлөрү менен Кыргыз Республикасынын президенти Р. Отунбаеванын жолугушуусу болуп өткөн, анда Улуттук комиссиянын төрагасы А. Эркебаев Президент Р. Отунбаеваны аткарылган иштердин жыйынтыктары менен тааныштырды. Андан соң кайгылуу июнь окуяларынын себептери жана кесепеттери жөнүндө ар тараптуу ой бөлүшүүлөр болду. Президент Р.Отунбаева өзүнүн оюн билдирүү менен бирге Улуттук комиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди. 2010-жылдын 12-июлунан декабрь айынын акырына чейин Улуттук комиссия жетишээрлик чоң көлөмдөгү иштерди аткарды.Бишкекте Улуттук комиссиянын 21 жыйыны өттү.Баштапкы жыйындарда Улуттук комиссиянын иш планы макулдашылган, республиканын түштүгүнө баруунун графиги жана баруучулардын тизмеси аныкталган. Улуттук комиссиянын расмий сурамдары жибериле турган Ош жана Жалал-Абад областарындагы областтык жана райондук түзүмдөрдүн, министрликтер жана ведомстволордун тизмеси такталган.Улуттук комиссиянын ишинин башталышынан кийин эле республиканын түштүгүндөгү кайгылуу окуялар боюнча оюн айткысы келген бардык каалоочуларды кабыл алган эки коомдук кабылдамалар ачылган:• Ош областтык администрациясынын имаратында (Ош ш.)• Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эски имаратында. (Бишкек ш.)Иштин жүрүшүндө бир нече жолу Башкы прокуратуранын, УККнын, ИИМдин, ӨКМдин, ТИМдин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Соцэмгек министрлигинин, Чек ара кызматынын жетекчилеринин маалыматтары угулду. Өзүнчө расмий түрдө Убактылуу өкмөттүн жетекчилери жана мүчөлөрү: А.Атамбаев, Ө.Текебаев, И. Исаков, Т. Сариев, А.Бекназаров, Э. Каптагаевдердин түштүктөгү кайгылуу окуялардын себептери, ошондой эле бул окуялардын кайталанышын алдын алуудагы өзүнүн ролу жөнүндө көз караштары жөнүндө аңгемелешүү болду.Ошондой эле Улуттук комиссиянын жыйынына окуялардын учурунда жана андан кийин түштүктө болгон Кыргыз Республикасынын азыркы бешинчи чакырылышынын депутаттары: К. Ташиев, Ж. Жолдошева, И. Исаков, Ө. Текебаев, К. Асанов, Ш. Айтматовалар   расмий түрдө чакырылган. Алар өлкөнүн түштүгүндө болуп жаткан процесстер жөнүндө өздөрүнүн көз караштарын айтышты. Ошол эле убакта Комиссияга чакырылган бир катар депутаттар келишкен жок.Диний кырдаал жана диний экстремизм маселелерин тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Азирети муфтийи Чубак ажы Жалиловдун маалыматы жана  эксперт-дин таануучулардын ойлору угулду.Мындан тышкары, жаңжалды тынчтандырууга түздөн-түз катышкан саясий партиялардын жетекчилери Кыргызстан эли Ассамблеясынын улуттук-маданий борборлорунун башчылары, укук коргоочулар жана өлкөнүн түштүгүндөгү окуяларды баяндаган журналисттер менен жолугушуулар жүргүзүлгөн. ТҮШТҮКТӨГҮ ИШУлуттук комиссиянын мүчөлөрү өлкөнүн түштүгүнө жекече бир нече жолу барып келишти. Ал эми түштүктө жашаган Улуттук комиссиянын мүчөлөрү зарыл учурларда Бишкекке келип турушту.Республиканын түштүгүнө Улуттук комиссиянын мүчөлөрүнүн жамааттык сапарлары эки жолу уюштурулган.28-июлдан 9-августка чейинки мөөнөттө Улуттук комиссиянын мүчөлөрү Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад областтарында болушту. Кагылышкан эки тарап менен, жергиликтүү администрациянын жана мэриялардын жетекчилери, диний ишмерлер, өкмөттүк эмес

Page 22: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

уюмдардын активисттери, күч жана укук коргоо түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрүлдү.Топ-топ болуп иштөө жана жеринде багыт алуу боюнча сапар алдындагы сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынан колдоого алынган жок. Ошондуктан Комиссиянын бардык мүчөлөрү бири-бирине болгон ишенбөөчүлүк жана шек саноону жок кылуу, ачыктыкты жана айкындуулукту камсыздоо үчүн анын түштүк өкүлдөрү менен бирге, чогуу чыгып, маселелерди чогуу чечишкендигин (баары чогуу көрүп, суроолорго жоопторду чогуу угушту) белгилей кетүү керек.Оюн билдиргиси келгендердин бардыгы эле Комиссиянын алдында чечкиндүү боло бербеси жеринде аныкталды. Алардын бир тобу Комиссиянын өзүнчө бир мүчөлөрү менен жеке сүйлөшүүгө макул болушту. Комиссия каршы болгон жок.Ноябрь айында (8-14-ноябрь) Улуттук комиссиянын мүчөлөрүнүн республиканын түштүгүнө болгон экинчи чогуу сапары уюштурулду. Алдын ала макулдашылган программага ылайык Улуттук комиссия Ош шаарында “Алай” мейманканасынын районуна, “Шейит–Дөбөгө” ОшМУга, мурунку кыргыз-өзбек университетине, филармонияга, өзбек музыкалык драмалык театрына, областтык жана шаардык ооруканаларга, СИЗОго жана түрмөгө, жапа чеккен мектептерге, мечиттерге жана башка июнь окуясына байланышкан жерлерге барышты. Жалал-Абад шаарында Улуттук комиссия элдердин достугу  университетинин имаратын карап чыгып, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун элдеринин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.БИР КАТАР ЭЛ АРАЛЫК ЖОЛУГУШУУЛАР ЖҮРГҮЗҮЛДҮУлуттук жана эл аралык комиссиялардын төрагалары А. Эркебаев менен Киммо Кильюнендин эки жолку жолугушуусу өттү. Анда түштүктөгү кырдаал, себептери, мүмкүн болгон кесепеттери жөнүндө ар тараптуу ой бөлүшүүлөр болду. Мамилелердин ачыктыгы жана айкындыгы, бири-биринин ишине жардам көрсөтүү тууралуу келишим түзүлдү. К. Кильюнен маек убагында эки комиссиянын ишин синхрондоштуруу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.11-сентябрда А. Эркебаев менен ОБСЕнин улуттук иштери боюнча Жогорку комиссары Элчи Кнут Воллебектин жолугушуусу болду. Буга чейин К. Воллебек республиканын түштүгүндө болуп келген, ошол үчүн Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы окуялар жөнүндө айкын, ар тараптуу терең ой бөлүшүүлөр жүрдү.Улуттук комиссиянын мүчөлөрү В. Балыкин, Ж. Жекшеев, О. Молдалиевдердин Европалык Кеңештин элчиси Пьер Морелл, Норвегиянын жана Финляндиянын элчиси Д. Халворсен жана М. Киннунен, «Эл аралык мунапыс» уюмунун делегациясы менен болгон жолугушууларда улуттук комиссиянын иши жөнүндө маалымат берилип, бардык суроолорго жооптор кайтарылды.Улуттук комиссиянын мүчөлөрүнүн эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен эки жолку жолугушуусу уюштурулду.Ноябрь айындагы жыйында эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жана өлкөнүн түштүгүндө иштеген чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларынын окуянын жүрүшүнө болгон көз караштары тууралуу маалыматтар угулду. 13-декабрында Улуттук комиссиянын мүчөлөрү, өзүнүн иликтөөсүн аяктаган жана чогулган маалыматты анализдөө үчүн өтүлгөн Эл аралык комиссиянын эксперттери менен жолугушту. Июнь окуяларынын себептери жана мүмкүн болгон кесепеттери жөнүндө ар тараптуу, терең ой бөлүшүү болду.«КАБАР» КУМАДА ЭКИ                          ПРЕСС-ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ 2010-жылдын 27-июлунда Улуттук комиссиянын мүчөлөрүнүн республиканын түштүгүнө биринчи жолку сапарынан бир күн мурун А. Эркебаевдин жана Ж. Жекшеевдин пресс-жыйыны өттү, анда журналисттерге Улуттук комиссиянын ишинин башталышы, пландары, мүмкүн болгон иш-аракеттери билдирилген. Катышкан кабарчылардын суроолоруна жооптор берилди.

Page 23: static.akipress.orgstatic.akipress.org › docs › zaklyuchenie_nackom1.doc · Web viewБаш аламандыктардын тушунда жана кийин Ош шаарынан,

17-августта А. Эркебаев жана Ж. Жекшеев Улуттук комиссиянын мүчөлөрүнүн республиканын түштүгүндө болгон биринчи сапарынын жыйынтыктары тууралуу журналисттерге маалымдады. Бул пресс-жыйындын катышуучуларынын жеке ою экендиги белгиленди. Улуттук комиссиянын расмий жыйынтыктары иштин аякташы менен чыгарылат, - деп айтылды.Белгилей кетүүчү нерсе, Улуттук комиссиянын мүчөлөрү Бишкектегидей эле республиканын түштүгүндө  ар башка уюмдарда эмгектенет. Алардын ар бири өз алдынча иликтөө жүргүзүп, Улуттук комиссиянын иши үчүн зарыл болгон маалыматты чогултту.Улуттук комиссиянын мүчөлөрү түштүктөгү окуянын себептери жана кесепеттери жөнүндө маселеде ар башка позицияда, ар башка мамиледе болушту. Бул бир тараптан уюштуруучулук оор көйгөйлөрдү жаратса, экинчи тараптан жыйынтыктарды чыгарууда объективдүү жана көз карандысыз тыянактарга үмүттөндүргөн анын ишиндеги жакшы учур болду.Улуттук комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жобосуна ылайык 30 адамдан турган. Анын курамынан ар башка убакта, ар түрдүү субъективдүү себептер менен жергиликтүү жана чет өлкөлүк ММКларга билдирүү жасап, А. Князев (16.08.2010), А. Абдирасулова (09.11.2010), А. Пятибратовалар (06.12.2010) чыгып кетишти.Ошол эле убакта Улуттук комиссиянын мүчөлөрү Р. Кадырова жана А. Нарматов анын ишине катышууга макулдугун беришсе да комиссия менен байланышкан жок жана дайыма чакырууга карабай, комиссиянын бир дагы жыйынына катышышкан эмес. Комиссиянын башка мүчөсү Талипов Вагинур оору кесепетинен октябрь айында каза болду. Улуттук комиссиянын бардык мүчөлөрү акысыз иштегенин белгилей кетүү керек. Аларга иш-сапар убагындагы унаа чыгымдары жана жатакана чыгымдары төлөнүп берилген. Жаралган көйгөйлөрдү ыкчам чечүү үчүн Улуттук комиссияга эки кабинет жана эки автоунаа бөлүнүп берилген.Айлык акыны Улуттук комиссиянын 3 эксперти жана 1 техникалык жумушчусу гана алышты. Комиссиянын ишинин аягында анын пенсионер жана жумушсуз мүчөлөрү бир жолку материалдык жардамга ээ болушту. Корутундуга комиссиянын  курамынын үчтөн эки бөлүгүнөн көбү, б.а. дасыккан көпчүлүктү түзгөн 23 мүчөсү кол койду.Улуттук комиссиянын төрагасы                                                             А. ЭРКЕБАЕВ10.01.2011.